Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айылдан эле дүңгүрөтүп миллион тапкандар

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСело Кидыш в Челябинской области
Село Кидыш в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизи сонундун баары, нукуралыктын баары айылда

Бекеринен айыл тууралуу жазганым жок. Азыр көбүбүз "айылда эшек такаламак белем" деп шаарга качабыз. Бирок айылдан баар таап, айылдыктардын башын бириктирип, жакшы нерсеге шыктандыргандар жок эмес. Мекендешибиз Бообек Нурматов Москвадан кайтып келип, айылдагы балдарды каратэ менен машыктырып, фермер, соодагер болуп, айтор элге жарыгым тийсе экен жүргөн чагы

Балдар демекчи, кыргыздарда алмусактан бери эле ар бир кишинин, муундун өз орду болгон. Ошондой эле алар эмне кылуусу керек, эмнеге жол берилбей турганын тырмактайынан тарта эле билишкен. Бул жолу балдарга болбой турган айрым жазылбаган эрежелерди тизмектеп көрдүк

Ии, баса, жаштайынан адилеттүү, чырдашкандарды жараштырган, таарынышкандарды элдештирген мекендешибиз төрт жашар Абдулбарри Илязов бир заматта интернет жылдызы болду. Эмне эле тууралуу жазып жатат десеңиз үндүктөргө арача түшкөн бөбөк жөнүндө айтып жатам. Ошол бөбөктүн атасы уулу тууралуу кызыктуу нерселерди айтып берди

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айматовдун чыгармасынынын негизинде тартылган "Эрте келген турналар" тасмасындагы Мырзагүлдү көбүбүз эле билсек керек. Аны Нүргүл Киндербаева аткарган. Секелек кезиндеги сүрөтү жүрөк жылытат. Таберик сүрөттү силер дагы бир карап көргүлөчү

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.34 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Балдардын тилегиндей аруулук ар бирибиздин жүрөктө болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0