Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сулуулардын бийи менин да оозумду ачырды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мисс Бишкек — 2018" сулуулук сынагынын катышуучулары
Мисс Бишкек — 2018 сулуулук сынагынын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күндүн көзүн көргөндүн өзү кандай бакыт!

Жаз мезгили баары бир жүрөктө кандайдыр бир сезимдерди ойготот. Айрыкча жашоого болгон сүйүүнү. Күндүн көзүн көргөндүн, жаздын илебин сезгендин өзү эле кандай бакыт. Ал бакытка жетпей жүргөндөр канча. Оору менен алышып ооруканада жаткандар, эркиндигинен ажырап абакта отургандар, кыштан аман чыкпай калгандарчы… Кечээ ушул жылдын биринчи чагылганы чартылдап, алгачкы "асан-үсөнү" чыкты. Кубанган, кудуңдаган, сүйүнгөн эле кишилер. Ушул бакыт ар бирибизге көпкө чейин буюрсун.

Жаз менен сулуулук дайыма чогуу жүрөт эмеспи. Күн жылыды дегиче биринен-бири өткөн сулуу кыздар козу-карындай эле жайнап кетет. Көрбөй жатам, байкай элекмин десеңер "Бишкек сулуусу" болом деген кыздардын сүрөттөрүнө назар салгыла. "Көз талдырат" деп айта албайм анткени ар кимдин табити ар кандай эмеспи. Сүрөттөргө ынанбай калсаңар перилердин кыска көйнөк менен бийлеген видеосу да бар. Аны көрүп мен да оозум ачылып калыптыр. Булардын арасынан сулуунун сулуусу деп Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин 3-курсунда окуган Сезим Асранкул кызы аталды.

Сулууларга бир суктанып алгыла да жазгы иштерди баштагыла. Күн жылыды короого бак-дарак тигип, айлана-чөйрөнү тазалайлы. Көчөттөр кайда, канча сомдон сатыларын кабарчыбыз Мирбек Сакенов сиздер үчүн билип ар биринин баасынан бери жазып чыкты.

Жазында саясат да жандана баштайт эмеспи. Уктап жаткандар чээндеп чыгып дегендей. Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов депутаттарга KG номерди кайтаруу маселеси козгоду. Өз сөзүндө депутат "унааны кайтарбасак да, ага тага турган КG номерлер керек болууда" деп агынан жарылган.

Ал ортодо өкмөт "өзгөчө" комбинациядагы номерлердин баасын арзандатканын кабарлады.

Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков Өзбекстанга расмий иш сапары менен барып, аны коңшу өлкө өзгөчө шаң менен тосуп алды.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваВизит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан
Визит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Визит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Жолугушуу маалында алардын эмне тууралуу сөз кылганы айтылган жок. Мындан улам "саясий серепчилер" бул жолугушуу боюнча түрдүү божомолдорду айтып отурса керек.

Баса, кечээ режиссер Темир Бирназаровдун "Кош келиңиз, президент мырза" деген тасмасынын бет ачары болуп, аны кабарчыбыз Эламан Кармышаков барып көрүп келди. Кандай тасма экенин бул жактагы макаласына толук жазыптыр.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.38 (сатып алуу) жана 68.61 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Асманыбыз ачык болсун!

Ден-соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0