Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Маршруткачылар иш таштап, апаң менен табыштырды

© AFP / SEBASTIEN BOZONКол кармашып бараткан түгөй. Архив
Кол кармашып бараткан түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таңыңыздар манан!

Бир күнү 10 жаштагы баласы атасына чуркап келип өзгөчө машина көргөнүн айтып таң калуу менен сүрөттөп жатты. "Биздин машинага төрт эле адам батат го, ага 20-30 адам чыгып алса да болот экен. Ичинде автобустагыдай туруп кетсең да болот дешти. Аны Ариет досумдун агасы Россиядан алып келиптир" дегенде атасы 15 жыл мурунку окуяны эстеп бир үшкүрүнүп алды да мостоё карап турган баласын жанына отургузуп мындайча кеп салды.

Ээ балам, азыр сен таң калып жаткан унааны маршрутка деп коёт. Алар биз жаш кезибизде жамгырдан кийин чыккан козу карындай көп эле. Шаарда эл ташып, көздөгөн жериңе заматта жеткирчү. Бирок жаздын экинчи айы башталганда жанагы кичи автобустардын бири да жумушка чыкпай коёт. Мындан улам таң эрте шаардыктар аялдамага үйүлүп, саргайып туруп калышат. Ошентип күнүнө 2700 маршрутка жүргөн шаардын тургундары бир күнгө троллейбус, автобус жана таксилерге күнү түшкөн. Алар деле ташып үлгүргөн жок.

Маршруттук таксинин айдоочулары жол киренин баасын көтөрүүнү, камсыздандыруу полисинен баш бартууну, каалаган жерден токтоп киши алууга жана башка бир нече жагдайларга уруксат берүүнү талап кылышат.

Ал эми мэрия алардын талаптары аткарылбай турганын айтып жолго салат. Ал арада калаада жеңил унаалар көп каттап жол тыгыны жаралган.

Мен жаңы конуштан бир маршруткага чыгып келе жаткам, ал шаарга жакындап калганда бирөө телефон чалды. Сүйлөшүп бүтөрү менен дароо токтотту да баарыбызды ичинен түшүрүп салды. Жүргүнчүлөрдүн ызы-чуу түшкөнүнө карабай айдабай отуруп алды. Ошентип андан ары жөө кеткенбиз. Анткени аларды белгисиз адамдар "эгер иштечү болсоң унааңды талкалап кетебиз" деп коркутуптур. Мунун айынан адатта 122 каттам менен жүргөн 3000дей маршртука караанын көрсөткөн жок.

Баса, апаң менен ошол күнү таанышкам. Кечинде жумуштан чыгып аялдамага барсам, бир суйкайган кыз турат. Кайсы жакка барарын сурасам менин үйүмдүн жанында эле жашайт экен. Жолубуз бир болгондуктан бир такси менен кетүүнү чечтик. Бирок такси келбей койгондуктан каттам көбүрөөк жерге чейин жөө басмай болдук. Күн салкын, шаар тынч, сөзгө алаксып кете берип кантип үйгө жеткенибизди билбей калганбыз. Көрсө, беш чакырымдай жолду жөө басып коюптурбуз. Ушундай балам, апаң экөөбүздүн танышуубузга маршруткачылардын иш таштоосу себепчи болгон. Бул окуя болбогондо апаң экөөбүз табышпай калмак белек, ким билет…

Ошол учурда өкмөттүн аты эсимде жок, бир жаш сары жигит башкарчу. Ал айдоочулар кандай талап коюшпасын баары бир мыйзамдын чегинде иштөөгө милдеттүү экенин билдирген. Жапырт иш таштоого тиешелүү мекемелердин жең ичинен сүйлөшүлгөн коррупциялык схемалары түрткү болгонун айтып каарданган.

Мындан улам премьер-министр эл ташыган унааларды тез арада мамлекеттин колуна өткөрүү планын иштеп чыгат. Анан бир жуманын ичинде чет өлкөдөн 1000ге жакын троллейбус, автобустарды алып келип каттатып коёт. Ошентип маршрутканын айдоочулары мамлекеттин унааларын айдап калат. Коррупцияга чырмалган фирмалардын иши буулат да, бара-бара маршруттар жок болгон.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.25 (сатып алуу) жана 68.48 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Эмнеси болсо да, эсен бололучу!

Амандыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0