Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аял кызганса эркектен жаман экен...

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКосмическое явление - суперлуние
Космическое явление - суперлуние - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жашообузду жалаң гана жакшы күндөр толуктасын!

Кызганыч бул — эң коркунучтуу сапат. Анын айынан айрымдары адам өлтүрүүгө чейин барышы толук мүмкүн. Эркектерден да аялдын кызганганы жаман, кокус күйөөсүнүн кыңыр ишин билип калса, үйдө "дүйнөлүк согуштан" да жаман жаңжал чыгып кетиши мүмкүн. Март айына сотко кайрылгандардын арасында ушул сыяктуу окуялар көп экен. Бала-чакалуу эки келин жумуштан кечиккен күйөөлөрүн издеп, бейтааныш аялдын үйүнө барат. Чоочун үйдө мас болуп бийлеп жүргөн жолдошторун көрүп ызы-чуу салып, үйдүн терезесин, гүлдөрүн сындырып, кожойкени сабап салышыптыр. Анын айынан баягы эки келин жабырлануучуга 80 миң сом төлөп, дагы 12 миң сомдук айыпка жыгылыптыр. Жолдошунун биринчи аялын сымап менен өлтүрүүгө аракет кылган келиндин да окуясын окусаңар оозуңар ачылат.

Эки күндөн бери калаа тургундарын бушайманга салган маршрутка айдоочулары бүгүн толугу менен жумушка чыкты окшойт. Элди коркутабыз деп өздөрү канча акчадан кур калды. Эми алардын иш таштоо жагдайын УКМК иликтеп баштады. Маршрутка жок деле шаарда жол тыгыны укмуш. Эки күндөн бери жумушка, үйгө таш бака мингендей барып, келип жатабыз.

Президент, премьер-министр коррупция менен катуу күрөшүп жатат. Күндө эле ушул маселе менен бирден аткаминер кызматтан ыргууда. Кечээ коррупцияга шектелип Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков ИИМ башчысына органда коррупция күчөп жатканын эскертти.

Кыргызстанга агылып келип жаткан кытай жарандары өлкөдө эмне иш кылат, катталгандардын канчасы өлкөбүздүн жарандыгын алып жашап калат? Бул жактагы материалыбыздан окуңуздар.

Саясий же коомдук окуялардан тажасаңыз жай отуруп кабарчыбыз Эламан Кармышаковдун ырчы Алтынбек Каленов менен болгон маегин окуңуздар.

Бүгүн эмнегедир күн тийип турганы менен муздак жел болууда. Жазгы суук жандан өтөт, андыктан ысып кеттик деп чечинип албагыла. Кыргызгидромет бүгүн аба ырайы жылуу болуп, жамгыр жаабай турганын билдирди.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.37 (сатып алуу) жана 68.61 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Асманыбыз ачык болсун!

Ден-соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0