Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Болсоң Жумабек Ибраимовдой бол...

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Жакшы жатып, жай турдуңузбу?

Эки күн бою элдин эсин оодарган маршруткачалар мурдагы калыбында иштеп баштады. Бул эки күн чынында сыноо болду. Айрымдарыбыз "маршрутканын айдоочулары көп табат, ошону сиңире албай көптү" дегенге чейин бардык.

Чынында эле маршрутка айдоочулары бир күндө канча табарын билип көрдүк. Айына 20-25 миң сомго чейин пайда көрүшөт экен.

Маршруткалар каттамга чыгаары менен жол эрежелерин кайтадан бузуп баштаганын айрым тургундар видеого да тартып алган. Айланайын, адыраңдабай жай, эреже менен айда дегенден башка айлабыз жок.

Жазуучу жана акын Аалы Токомбаев "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деп таамай айткан экен. Каза болгонуна 19 жылдан ашса да элдин эсинде калган мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов тууралуу кызыктуу фактыга көз чаптырып коюңуз.

Камчыга байланыштуу эмне кызыктарды билесиз? Бул суроого жооп таппай ойлонуп жатсаңыз дароо бул материалды окуңуз. Билип алганыңыз өзүңүзгө эле жакшы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.42 (сатып алуу) жана 68.66 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Шашкан шайтандын иши дегендей, шашкалактабайлы. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0