Амансызбы, барадар? Өлкөдө 10:15. Кара чымын болдук го...

Жазылуу
Кутман таң, замандаш!

Бүгүнкү жума күндүн тынч болушун тилеп, Бурадарда кечээки жана таңдагы окуяларды тизмектедик.

Таң атпай ызы-чуу. "Ош" базарында кайрадан өрт чыгыптыр. Ушуну менен жыл башынан бери бул базарды үчүнчү ирет кырсык чалып отурат. Эмне дээриңди да билбейсиң. Дөөлөр кармашыбы, айттырбай келген каргашабы, айтор, билбейм… Эптеп ушу базар менен күн кечирип жаткандарга эле кыйын болду.

Кандай болгон күндө да тирүү кишинин жашоосу улана берет эмеспи. Кечээки күндүн жаңылыктарына абай сала кетели.

100 жылдык өмүр. Быйыл Борбордук Азияда аялдардан чыккан алгачкы хирург жана академик Какиш Рыскулованын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Биз да четте калбай, легендага айланган инсан тууралуу кызыктуу факты даярдадык. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы катуу сүйүнттү. FIFA рейтингинде 40 сапка көтөрүлүп, 75-орунду ээлептирбиз. Мындай жыйынтыкка уюм төбөлдөрүнүн да ичи жылып, мыкты команда деп аташты. Тарыхта калды бул команда. Болсун! 

Кечээ премьер-министр Сапар Исаков "Таза Коом" программасын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары менен тааныштырып, видеокамералар орнотулчу көчөлөрдүн кесилиши аукционго коюларын айтты. Ушул эле иш-чарада ары кызык, ары таң калычтуу окуя болуп кетти. Ал үчүн керек болсо өкмөт башчы кечирим сурап жиберди. 

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков Бельгияга болгон сапарынын алкагында бир топ жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Буюрса, жемиши да көпкө күттүрбөс. 

Негизи 90-жылдар баарыбыздын эсибизде тири шумдук окуялары, катаалчылыгы менен эсте калды. Кесиптешим Мирбек Сакенов ошол кездеги кылмыштарды тизмектептир. Азыр деле апакай эмеспиз деңизчи, бирок төбө чачың тик турат. 

Кечээ Космонавтика күнү белгиленди. Кыргызстан бул тармакта да төш кагып мактана алчудай. Анткени мекендешибиз Салижан Шарипов озунуп, комоско учуп, ал жакта жалпы жонунан 200 күндөн ашуун жүргөн. Бул адам тууралуу фактылар да назарыңызда. 

Эми түндө өрт чалган "Берекет" базарында учурда эмне болуп жатканы да кызыктырып турса керек. Тексттик трансляция, видео, фотофакт, сүрөттөр да биздин сайтта.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.08 (сатып алуу) жана 69.35 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0