Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атылып, уурдалган депутаттардын сырдуу өлүмү...

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Сыртта жазгы жамгыр жаап жатат. Ал эми биз иш жуманын алгачкы күнүн баштадык. Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Синоптиктер элди жылуу кийинүүгө чакырып жатат. Анткени алдыдагы апта жаанчыл болору болжолдонууда. 

Эмесе дем алыш күндөрү болуп өткөн окуяларга көз чаптыралы. Ишембиде президент Сооронбай Жээнбеков эл менен аралашып, кадимки эле каттамдагы учакка отуруп Ош шаарына учуп барганы таң калтырып, соцтармак талкуулап жатып калды. Кийинчерээк бул маалымат ырас экенин өлкө башчынын маалымат кызматы тастыктады. 

 

 

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон учуп бараткан тик учак тоо арасында "жоголуп" кеткени айтылды. Капчыгайдан чыга албай адашып абада үч саат жүрүшүптүр.

Сырдуу өлүмдөр туурасында… Кыргызстандын жаңы тарыхында беш депутат киши колдуу болгон. Алардын баары өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турган убакта өлтүрүлгөн. Коомчулук алардын өлүмүн криминал менен байланыштырат.

Кыргызстанда миллионер кылчу бизнестин 8 түрү. Жакын арада бизнестин кайсы түрү кирешелүү болорун адистер айтып беришти. Эгер иш баштайын деп жатсаңыз ушуларга көңүл буруп коюңуз.

Экинчи аял болгон келин эмнеге түрмөгө түштү? Күндөшүнүн кофесине сымап кошуп өлтүрүүгө аракет кылды деп күнөөлөнгөн Кадамжай районунун 36 жаштагы тургуну Мамура Кучкарованы Баткен облустук соту 9 жылга эркинен ажыратты

Наристелүү болуп, ымыркайыңызга кандай ысым коёруңузду билбей жатсаңыз, же өзүңүздүн атыңыздын маанисин билгиңиз келсе кыргызча ысымдар рубрикасын окуңуздар. 

Оңолбек Каныбек уулун Кыргызстандагы эң мыкты волейболчу деп тартынбай айтууга болот. Ал улуттук курама команданын капитаны, Таиланддын алдыңкы клубдарынын бири "Эйр Форстун" оюнчусу. Мыкты волейболчу менен Гүлдана Талантбекова маектешти. 

Дем алыш күндөрү Россиянын сулуусу аныкталды. Россиялык кыздардын эң чырайлуусу делип Чувашиядан келген Юлия Полячихина аттуу жаштагы бийкеч тандалган. Анда сулуулардын көз талдырган сүрөттөрүнө баш багыңыз. 

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүФинал конкурса "Мисс Россия-2018"
Финал конкурса Мисс Россия-2018 - Sputnik Кыргызстан
Финал конкурса "Мисс Россия-2018"

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.68 (сатып алуу) жана 69.12 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Ийгилик коштосун!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0