Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бул балакеттен кантип кутулабыз?

© AP Photo / LILLI STRAUSSЖолдо бараткан автоунаа. Архив
Жолдо бараткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээтен бери уккандан тарта кылт этип кээде ойго түшө калат. Кол шилтейин десең, кайра эле сагалап келе берет, куусаң да болбойт. "Капырай, кантип эле" деген суроо тажатат. Демек, балээнин баары түбүндө жатат дейсиң. Тамырын жайып кеткен бул дартты кантип ооздуктоого болот?

Түнгө чейин үкүдөй болуп дежур болуп отурсам, курсташым жазат, ага да алдагы сагалагандар жай бербей койгон көрүнөт.

"Ужас, ал эмне киши өзү?" дейт ызылдап. Эмоцияга көбүрөөк берилип кете турган жайы бар. "Ошон үчүн өнүкпөй жатабыз да. Тааныйт белең аны? Мен алмак турсун, андай акчаларды өмүрүмдө кармап көргөн да эмесмин. Кантип? Ужас!" — деди токтоно албай.

Ушул курсташым да кызык, мен ал кишинин жанында жүргөнсүп.

"Жок, ай, кайдан билейин. Келген маалыматты бердик, чоо-жайы эми кийинчерээк белгилүү болот го. Ии, дагы кабаралашабыз. Макул жакшы тур, анда", — дедим. Тим койсом, ызылдап дагы көп сөздүн башын айтарын сезип турам да (билем, бул текстти окуп калсаң, өпкөмдү үзөсүң).

Тааныбайм деп коем, бирок аларды жүзүнөн билбеген менен биздин айланабызда, пара алып, анысы менен оокат кылып, там-ташын бүтүрүп, кызматтан кызматка көтөрүлүп, алсыздарды кууруп-жеп, коркутуп, опузалап, арам акчаларды сиңирип жашап жүргөндөр канча…

Прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын курсташыма окшогон дагы канчалар түн уйкусун бөлүп, талкуулап жатканын сезип деле турсаңыз керек.

Жаңы эле оозубузду жыйып алгыча Бишкек мэриясы бир көчөттү 9 миң сомго сатып алып, эстен тандыра жаздады.

Мыйзамсыз иштерди жасаган деп дагы эле акчага байланыштуу Казакстанда торго чалынган кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажыратылды.

Кыргызстандын саясий айдыңы кызып турган чак. Экс-президент Алмазбек Атамбаев дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары менен жолукту. Кимиси барып, кимиси калды.

Маанайды түшүргөн кечээки кырсык, акчаңды, саясатыңды да башыма урбайм, аманчылык болсунчу деген ойго жетеледи.

Өлбөгөн жанган жай да келе жатат. Май айына болгон синоптиктердин божомолу бул жерде.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.69 (сатып алуу) жана 69.03 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Ошо… Коррупция десе, оозубуздан көк түтүн буркурайт…

Амандыгыңызды тилеп, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0