Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Ош" базарда өткөн балалык

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүОш базары. Архив
Ош базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күндү күлүп тосуп алалы!

Элдин көбү жактыра бербеген "Ош" базары мага эмнегедир жакыныраак сезилет. Ооба, ал жакта адам көп, ызы-чуу, унаадан башың айланат. Бирок берекенин баары ошол базарда. Байлар го супер-гипер маркеттен соода кылып алат экен. 5000 сом айлык алган мугалим, дарыгер, пенсионерлерчи. Акчасын үнөмдөп базарга барууга туура келет. Ундан тарта күрүч, майга чейин 5-10 сом болсо да арзан анан баарына жакын. Болгону базарды иретке келтирип коюш керек го. Бул менин жеке оюм. Ал базарда менин да балалык күндөрүм өттү. Ата-энем тамак-аш сатып иштегендиктен сооданын түйшүгүн биз да көрүп калдык. Базарда деле эл жыргаганынан иштебейт да. Мамлекетибиз жумуш менен камсыз кылбаса, саналуу завод-фабрикаларда орун жок болсо, айла жоктон баары соода-сатыкка өтүп кетип жатпайбы. "Ош" базарды шаардын четине которууга кошула бербейм.

Ал ортодо мэр Албек Ибраимов шаар ичиндеги ири базарларды калаанын тышына чыгаруу үчүн жер жок экенин Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бирөөнүн кызыкчылыгыбы, айтор, "Ош" базарын жоготууга дагы аракеттер болуп жаткандай. Үч жолу ири өрт кырсыгы катталган жайдын "Кыял" базарында дагы бир башкача кызыл жана кара калемпир себеленип тартылган табышмактуу тегеректер пайда болуп калыптыр. Кооптонгон соодагерлер күзөтчүлөр менен кошо түнкүсүн аталган базарды кайтарып жатканы айтылды.

Минтип эл өз камын өзү көрүп соода кылып жан багып жатат. Чоңдорубузчу? Бийлик, мансап талашып бирин камап, бирин жаңы кызматка коюп, айтор, саясат табында. УКМК "Улуттук энергетика холдинги компаниясынын" башкаруучулугунун мурдагы төрагасы Айбек Калиевди "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармады.

Ал эми 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган прокурор ооруканада. Дарыгерлер ага "мээдеги кан айлануунун бузулушу" деген диагноз коюшуптур. Ойго келбеген акчаны алып жатканда мээсинин кан айлануусу кантип бузулбады экен?!

Финполдун жетекчи орун басарлыгына дагы бир чекист дайындалыптыр. Жогорку Кеңешке болсо жаңы депутат келди.

Аябай эле саясатташып баратабыз. Соцтармактагылар Ак үйдө эмне кеп болду экен деп кулак түрүп эле отурган чагы. Келгилечи, андан көрө музей, театрга барып, китеп окуп мээбизди сергители. Кааласаңар бир кылымдык тарыхты камтыган Фрунзенин үй-музейине баргыла.

Жок дегенде кабарчыбыз Мирбек Сакенов даярдаган таберик сүрөт рубрикасын көрүп, окусаңыздарда эс алып каласыздар. Ал жакта кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, кармалып турушуна, маданияттын, искусствонун, адабияттын өнүгүшүнө салым кошкон адамдардын сейрек кездешкен ирмемдери камтылган.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.59 (сатып алуу) жана 68.88 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Жан дүйнөнү байыталы!

Ден-соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0