Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ушунчалык саясатташып кеткенибизге зээним кейийт

© Sputnik / Табылды КадырбековМероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке
Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Убакыт учуп баратат, саясаттын интригаларына баш оорутуп отурганча апрель айы да узап кетмей болду.

Кээде карап ушунчалык саясатташып кеткенибизге зээним кейийт. Саясат менен аткаминерлер эле алектенбей, баарыбыз башыбызды тыгып алдык. Facebook тармагын карасаң дыйкан, мугалим, ашпозчу, студент дебей баары саясаттан кеп салышат. Эки күн Facebook бетин саясий посттор ээлеп туруп алды. Өзүн виртуалдуу жашоодо "саясий эксперт" сезген адамдарга эми кудай берди… Эмнеге жапжашыл болуп културган жаз, кара жерди тырмалап эгин эгип жаткан дыйкан, эки-үч жыл мурда эккен көчөттөрү быйыл гүлдөгүнө кубанып турган багбан, кыштан аман чыккан малын талаага жайып жамбаштап жаткан чабан, жайдары жүргөн жаштар, наристенин ыңаалаган үнү же болбосо жаңыдан кадам шилтеп ата-энесин элжиреткен бөбөк туурасында жазбайбыз?.. Биз өз милдетибизди шайлоо учурунда аткарганбыз. Эмне кылса да алар өзүбүз ишенип тапшырган адамдар экенин унутпайлы. Айлананы жакшылап карасаңыздарчы, аябай кооз ирмемдерди байкабай жатабыз.

Мына узаган аптада тынбай кеп кылып жаткан өкмөттүн жаңы курамы ордуларына жайгашты. Болду эми, аларды дагы козгой бербей тынч иштетели. Өзүн көрсөтсүн.

Быйыл Дөлөн Өмүрзаков тирүү болгондо 91 жашка чыкмак. Кесиптешим Гүлдана Талантбекова кыргыз спортуна эбегейсиз эмгек кылган инсан тууралуу чаң басып жаткан маалыматтарды казып чыкты. Өмүрзаков Олимпиада чемпиондорунун чыгышына зор салым кошкон экен. Өзү эки жашында ата-энесинен ажырап жетим өскөн. Тагдырдын сыноосу муну менен токтоп калбай үй-бүлөсүнө да тийип, эки уулу автокырсыктан ажал тапкан. Аттиң ай…

Ал эми кыргыздын азыркы сыймыктарынын бири Эрнест Абдыжапаров менен Бегимай Бакашева баарлашты. Маек Элина Абай кызы, Instagram жана Ысык-Көл туурасында болгон. Ал Элина менен жаңыдан иштешип баштаганда талантына баа берип, "жан дүйнөсү менен берилип ойногон, сүйлөп жатканда адамды илеби менен өзүнө тартып алган тырмактай кыз экен. Ошондо 3-4 жылдан кийин Элина кыргыздын эң сулуу кыздарынын бири болот деп айтсам, эч ким деле ишенген эмес" деп сыпаттайт.

Теңиз Турсунбеков болсо бизге чукул кырдаалда айлабызды таппай карайлап калганыбызда опол тоодой жардам берет. 25 жаштагы куткаруучу кырсыкка кабылган адамдын чачылып кеткен дене мүчөлөрүн кантип чогултарын жана көп кабаттуу үйдүн терезесине туруп алган жаш балдарды кандай жол менен аман алып каларын айтып берди.

Баса, кечээ Кыргызстанда расмий түрдө мотосезон ачылып, Бишкектин 140 жылдыгына арналган шоу өттү. Табылды Кадырбеков кан басымды көтөргөн сүрөттөрдү тартып келди.

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальное открытие мотосезона-2018 в Бишкеке
Официальное открытие мотосезона-2018 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Официальное открытие мотосезона-2018 в Бишкеке

Соңунда өмүрүнүн 10 жылдан ашыгын телеканалга арнап, сулуулугу жана коңур үнү менен миңдеген күйөрмандардын назарына алынган алып баруучу Айдай Самиеванын маегин окуңуз.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот. Бирок Кыргызгидромет аптанын экинчи жарымы жаанчыл болорун кулак кагыш кылууда.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.59 (сатып алуу) жана 68.88 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Наалыганды токтотуп, айланабыздын кооздугун, жок дегенде таң ырыскысын коё бербейли.

Амандыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0