Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Шадиевдикиндей сан жеткис мүлк дагы кимде бар?..

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Д. Медведев провел заседание правительства РФ
Премьер-министр РФ Д. Медведев провел заседание правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Майрамдардын шылтоосу менен жуманын жарымында иштеп, калганында эс алчу болдук. Эмесе дем алыш күндөргө алынган жаңылыктарга көз чаптыралы.

Кечээ жумушка келерибиз менен депутат Аскарбек Шадиевдин УКМК камакка алган мүлкүн санадык. Эми аны көрсөңүз жакаңызды кармайсыз. Беш турак жайга ээлик кылса, 12 компанияда үлүшү бар экен. 

Бирок ал 2016-2017-жылга карата көрсөткөн декларациясында жогорудагынын жарымын да таппайсыз.

Андан соң, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматовдун үйүнө ууру киргени туурасында кабар келди. Баласы көрүп-билип калып артынан кууганда бутка атып жарадар кылышкан.  Ошол уурулар эртерээк табылып, мыйзам чегинде жазасын алса экен.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков сотторго эмне милдет жүктөлгөндүгүн дагы бир ирет эскертти.

Өлкө башчы ушул эле күнү "Манас" кинотеатрына барып, "Саякбай" тасмасын көрдү. Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун айтымында, аталган тасманы көрүүгө президент өзү ынтызар болгон экен.

Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган кино жана театрдын белгилүү актеру Мукамбет Токтобаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 71 жашка толмок. Жаркылдап, ойлонуп, телмирип… Улуу инсандын сүрөттө калган элеси.

Ал жүрөгү оозуна тыгылып, ажалы көзүнө көрүнүп калган адамдарды куткарат. Тилекке каршы, кээде куйкаланган кишинин сөөгүн кармап отуруп калышы да мүмкүн… Күнүгө душман менен кармашкан өрт өчүрүүчү Чыңыгыз Садыралиев менен болгон маекти окуңуздар.

Баткендин кулуну Акжол Сулайманбек уулу рингде 11 ирет профессионалдуу беттеш өткөрүп, анын экөөсүндө чемпиондук кур багындырып, эч ыза тартып көргөн эмес. Өлкөнүн алдыңкы боксчусу менен кесиптешим Гүлдана Талантбекова маектешти.

Жеңиш күнүнө катара өткөн республикалык турнирдин алдында көк бөрүнүн алп командалары курамын өзгөрттү. Кайсы командага кандай оюнчу, кандай аттар кошулганын айтып беребиз.

Негизи кыргыздарга таң калып бүтө албайсың. Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык жубайлар үлпөт тоюндагы кортежге вертолет менен чыгышты. Бактылуу болгула!

Бул жума да жаанчыл болору болжолдонууда.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.57 (сатып алуу) жана 68.86 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.00 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 44.70 сом, ал эми дизель майы 43.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ынсаптуу бололу туугандар!

Амандыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0