Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жээнбековдун муштумуна чыдай албай калганда...

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков WEF Global 12 турниринин алкагында швециялык Малик Тамбе менен беттешип, кармаштын биринчи раундунда техникалык нокаут менен утуп алды
Кыргызстандык мушкер Тилек Жээнбеков WEF Global 12 турниринин алкагында швециялык Малик Тамбе менен беттешип, кармаштын биринчи раундунда техникалык нокаут менен утуп алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Мына ошентип дагы бир таңды атырып, жаңы күндүн тарыхын жазууга кириштик! Иш күнүңүздөр ийгиликтүү улансын!

Адегенде алыскы Ак-Талаадан кеп салалы. Былтыр урап калып, кайра оңдоо иши бүтпөй жаткан көпүрө акыры төрт айыл өкмөттүн элин ара жолдо калтырды. Алардын суудан ары же бери өтө албай айласы кетип турган чагы. Жекшемби күнү айылдыктар буюм-тайымдарын, бала-чакасын жонуна көтөрүп суу кечип өтүп жатса, кийинчерээк суунун деңгээли көтөрүлүп такыр өтүүгө мүмкүн болбой калган. Бирок ага да карабай аркан менен тартылып өтө башташкан.

Мындан улам элди азапка салып, шорун катырган көпүрөнүн курулушу эмнеге бүтпөй жатканын иликтеп чыктык. Көпүрөнү курам деп тендерден уткан компания 38 миллион сомду башка фирмага алдатып ийип, ал акча кумга сиңген суудай жоголгон. Мунун айынан 12 миңдей калк суунун аркы бетинде райондун борбору менен байланыша албай отуруп калды.

Эми саясат айдыңына баш бага турган болсок, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бир күндө эки жолу УКМКга барып сурак берди. Ал Бишкек ТЭЦтин айланасындагы чууга катыштыгы бар деп улам-улам атайын кызматка чакырылууда. Бирок ал муну саясий куугунтук катары баалап жатат.

Ошондой эле ал экс-президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштеген команда абдан таза болгонун, ал мезгилде коррупция жок болгонун айтты.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов кызматынан кетти. Анын орду көпкө чейин бош туруп калган жок. Бат эле ал кызматка жаңы жетекчини дайындап коюшту.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында болгон Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы отурумуна катышты. Анда эмне деп сүйлөп кандай маселелерди көтөргөнүн бул жактан караңыздар.

Спорт жаатына баш бага турган болсок, кечээ жемиштүү күн болду. Борбор калаада WEF Global 12 турнири өтүп 18 жуптан турган мушкерлер кармашты. Мелдеш тууралуу кесиптешим Гүлдана Талантбекова жеринен алып берип жатты.

Кеченин башкы беттешинде WEF уюмунун оор салмактагы чемпиону Тилек Жээнбеков менен швециялык мушкер Малик Тамбе күч сынашып кыргыз спортчунун жеңиши менен аяктады. Швециялык мушкер Жээнбековдун муштума туруштук бере албай биринчи раунда эле жеңилүүгө аргасыз болгон.

Ал эми WEF уюмунун Global лигасынын тарыхында алгачкы жолу кыздардын беттеши болуп, Барчынай Узгенбаева менен өзбекстандык Шахида Рахимованы жеңип алды.

Шейшембиге карата аба ырайы менен таанышыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.31 (сатып алуу) жана 68.57 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.30 сом, ал эми дизель майы 43.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ийгилик коштосун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0