Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эртеңи түгөнбөгөн эже жанды кашайтууда

Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Иш жумаңыздар ийгиликтүү өтсүн!

Менин бир досум орто курактагы эжеге 30 миң сомго бал саткан. Анын акчасын 20 күндөн кийин бермей болуп, жылмаюу менен кол алышат. Башында баары жакшыдай туюлган. Бирок 20 күн өткөндөн кийин барса, "бүгүн даяр болбой калды, эртең кел" деп узатат. Эртеси барса, дагы эртең келишин сурайт. Анын эртеңи эртеңге уланып отуруп үч айга созулуп кетти. Кызыгы ага телефон чалса "акчам жок болууда, карызды азыр бере албайм, дагы мынча күндөн кийин кел" деп шартын түшүндүрбөйт, дайыма "ооба, эртең сөзсүз болот, келсең эле колуңа карматам" деп жанын жейт. Акча колума тиет экен деп сүйүнүп барса иштеген жеринен кайып сымал жоголуп же дагы бир шылтоону айтып дагы эртең келүүнү айтат. Байкуш досум ошентип үч айдан бери өз акчасын ала албай, жаны кашайып айласы кетип отурат.

Кокус карызга акча алсаң, аны бергенче шаштың кетип, уктабай да каласың го. Арабызда ушундай карызга бек адамдар да толтура экен. Мындай адамдардан аласаны сурай берип тажайсың. Бетин бир кызартып койбой, айлап-жылдап жүрө берет. Өзүңдү уялтып. Акчасы турса да бергиси келбей тырышып жанды кашайтат. Карыз алып кыжырды кайнатып жүрө берген 5 учур.

Менин досум Астанада болуп калса, зарыгып күткөн акчасын ушул жерден терип алмак беле… Казакстандык интернет колдонуучулар арасында көчөдө учуп бараткан акчаларды чогулткан адамдардын видеосу тарады.

Мейли эми, "акча колдун кири" дейт беле, баш аман болсо табылаар. Кечеги күндүн маанилүү жаңылыктарына өтөлү.

Кадырлуу кинофестивалдардын биринде Россияга иштегени барып, оор тагдырга кабылган кыргызстандык мигрант кыз тууралуу орус режиссерунун "Айка" тасмасы чоң ийгилик жаратты. Ал тасманын алгачкы кадрын көрүп коюңуздар.

Жекшемби күнү өлкөдө Энелер күнү белгиленди. Өлкөнүн мыкты спортчуларынын апалары менен түшкөн сүрөт топтомун сунуштайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековТайбокс боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Шахриза Халилова апасы Санье Халилова менен
Тайбоксер из Кыргызстана Шахриза Халилова в матерью - Sputnik Кыргызстан
Тайбокс боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Шахриза Халилова апасы Санье Халилова менен

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери өз апаларын куттуктап, аларды канчалык жакшы көрөрүн айтышты.

Үкөй Мураталиевага бөбөктөр менен сүйлөшкөн жагат. Себеби алар калп айтуу, күмөн саноо, чочулоо дегенди билбейт. Кээде Үкөйдөн "сиз эмнеге секирип басасыз, мага дагы үйрөтүңүзчү" дешет. Үкөй аларга "мен майыпмын" дебестен, басуунун бир түрү катары түшүндүрөт.

Гастролго барган артисттерди ташка алган айылдын балдары тууралуу уктуңуз беле? Өнөрпоз кыздарынайылдын жигиттери ала качып кетпеши үчүн кандай ыкмаларды колдонуп коргошкон? Кызык болуп жатабы?.. Анда 27 жылдан бери чыгармачылыктын ысык-суугунда жүргөн актер менен болгон маекке назар салыңыз.

Ишембиде Британиянын ханзадасы Гарри менен америкалык мурдагы актриса Меган Марклдын үйлөнүү үлпөтү Виндзор хан сарайында өттү. Жубайлардын тою кандай болгонун бул жерден көрүңүз. 

Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайы божомолун таратты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.35 (сатып алуу) жана 68.58 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.00 сом, ал эми дизель майы 43.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Алмайдын бермейи бар!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0