Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эми ачыла баштаган кыздарга эле жаман болду

© AFP / NICOLAS ASFOURIСильные дожди в Пекине
Сильные дожди в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жаздын акыркы жамгырлары төгүп жатат...

Ошентип майрамга бай май айы да соңуна чыгып баратат. Аба ырайы өз каадасын кылып коеюн деген окшойт, сыртта жамгыр. Түн ичинде болсо жүрөктү түшүргөн шамал болду. Кыздар жыргап жайкы көйнөктүн түрүн кийип, эми-эми ачыла баштаганда эле жамгыр төгүп жаман кылды. Сандыкка кышкы кийимдерди салбай эле коет окшойбуз.

Кээ бирине кечээ күндүн ысыгы жакпай, "ысыдым, аба жетпей калды" деп наалып жатып күндүн көзүн ошолор эле бузуп койду окшойт. Ысысак да, үшүсөк да мейли, башкысы жарык өчпөй, суу токтобой турсун. Себеби биз жашаган райондо бактын башы кыймылдап жел жүрсө эле жарык өчүп калат. Биз го жумушка кетебиз, үйдө кичине кызым менен апабыз калат да. Кызым чоң энесинин жанын койбой мультфильм, музыка койдуруп эрмектешет. Ошондуктан жарык жок болсо чоң энебизге эле түшкөн түйшүк. Кудай жалгап, кечээки катуу шамалда электр жарыгы өчкөн жок. Светчинин башына чөп сындырат окшойбуз.

Катуу шамал болорун кечээ ӨКМ эскерткен. Ал тургай Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун Facebook баракчасына дагы жарандарды этият болууга чакырган пост жарыяланды.

70 жаштан ашкан кошуна апа бар. Чоң энебиз экөөнү Кыргызгидромет деп коебуз. Экөө качан болсо аба ырайын сүйлөшүп отурат. "Эртең жамгыр жаайт окшойт, буту-колум какшатып баштады" деп бир айтса, "ооба, телевизордон шашылыш билдирүү берди" деп экинчиси айтат. Сиз да бир жумага карата аба ырайы кандай болот экен деп жаңылыктарды күтүп же телефон тешип жатсаңыз бул жаңылыкты окуңуз.

"Ты супер" музыкалык сынагынын жеңүүчүсү болуп өзгөчө үндүү Диана Анкудинова аталды. 14 жаштагы кыздын ырдаганын уксаңыз оозуңуз ачылат. Анын французча аткарган ыры кечээ кечке кулагымда жаңырып жүрдү.

Музыка демекчи кыргыздын маңдайына жазылган таланттардын бири Керим Турапов Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болду. Кабарчыбыз Эламан Карымшаков чанда бир жаралчу тенор үндүү опера ырчысы менен маектешкен

© Sputnik / Табылды КадырбековОперный певец, народный артист КР Керим Турапов
Оперный певец, народный артист КР Керим Турапов - Sputnik Кыргызстан
Оперный певец, народный артист КР Керим Турапов

Айбек Калиевдин ордуна "Улуттук энергохолдингге" жаңы төрага дайындалды.

Футбол сүйүүчүсү болбосом да футбол тууралуу маалыматты кыстара кетейин. Испаниялык "Реал Мадрид" футбол клубу англиялык "Ливерпулду" Чемпиондор лигасынын финалында 3:1 эсебинде жеңип, Ливерпулдун күйөрмандарын ыйлатты окшойт

Кемпиринин артында калган абышканын арманы "Психолог менен баарлашуу" рубрикасында баяндалат. Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында ичиңиздеги букту чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз. Каттар ар кыл темада кабыл алынат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.19 (сатып алуу) жана 68.45 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 42.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45.50 сом, ал эми дизель майы 43.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Жаманчылыкты аманчылык жеңет

Ден соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0