Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Балдарды бир күндө тартипке салган таене

Жазылуу
Кутман таң! Жакшы күндөр алдыда арбын болсун!

Жашы сексенден өтүп калган таенебиз бар (кайненемдин апасы), 40 жылдай башталгыч класстардын мугалими болуп, өмүр бою дептер текшерген адам. Ошентип жүрүп азыр көзү жакшы көрбөйт. Антсе да курагына карабай айылда тооктун түрүн багып, келген сайын баштык-баштык жумуртка алып келет. Ал киши оокат кылганда анча-мынча келиндер бери жакта эле калат. Кечээ доктурга көрүнгөнү шаарга келип калыптыр. Апам экөөбүз жумуштарыбыз менен жүрүп кечинде барсак, бакчадан кайткан тентек, ызылдаган балдарыбызды тизип отургузуп коюптур. Балдар да таенелеп тил табышып алышыптыр.

Эртең менен баарыбызды таң атпай тургузду. Ызылдап ыйлаган балдар таенени көргөндө тыпырайып өздөрү эле кийинип, эртең мененки тамакты ичкенге да жетиштик. Мага болсо "аял кишинин моюну көрүнүп турганы жакшы" деп чачымды түйдүртүп туруп жумушка узатып койду.

Айтайын дегеним үйдө улуулар (чоң ата, чоң апа, таене, таята) болгон кандай жакшы. Алар менен сүйлөшүп отуруунун өзү эле бакыт, ырахат эмеспи. Боорду эзип күлдүрүшөт, урушат, акыл айтат, айтор, аман болушсунчу!

Эми кечээки күндүн жаңылыктарын барактайлы.

Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын залкар инсаны генерал-майор Дайыр Асанов тирүү болгондо кечээ 96 жашка чыкмак экен. Урпактар үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, каардуу согушта болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн Асанов тууралуу фактыларды окуп коюңуз.

Ысык-Көл менен Байкалды сүзүп өткөн суучул Ахмед Анарбаев тууралуу 7 фактыны да сунуштайбыз.

Ыйык айда жакшы иш. Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык активисттер жарамазан айтып чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшаптыр. Демилгечилердин айтымында, жарамазандан чогулган акча дарылануусуна көп каражат талап кылынган кыргызстандык үч бейтапка берилет.

Жарамазанды баары айта бербейт. Мисалы кыздар айтпайт, күндүз жарамазан менен эшик каккылап барган да туура эмес экен. Элдик каада деп эсептелген жарамазан айтуунун шарт-талабын "болбойт" рубрикасынан окуңуздар.

Өткөн жумада алыскы Баткен облусуна биздин кабарчылар барып келген. Сапарынын алкагында кабарчыларыбыз кызык окуяларга туш болуп, баткендик апалардын килем токуу маданияты, ишмердүүлүгү менен таанышып келишиптир. Sputnik агенттиги окурмандарга Баткен облусундагы Ак-Татыр айылынан кызыктуу репортаж сунуштайт.

УКМК козгогон кылмыш ишинде Албек Ибраимов фигурант болууда. Бул маалыматты мэр журналисттерден укканын айтып, кечээ кечинде "Апрель" каналына түз эфирге чыгып кылмыш иши тууралуу айтып берди. 

Аба ырайы. Бүгүн түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондоруна жаан жаайт экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.30 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, ал эми дизель майы 44.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Улууга урмат, кичүүгө ызат!

Ден соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0