Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Майда тапичкени көбөйткөн балдарыбыз бар болсун

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых
Жизнь в киргизском селе Тейит - родовом селе семьи Бакиевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Бар экенине сүйүндүргөн бөбөктөрүбүздүн майрамы кут болсун!

Бүгүн ата-энеге чоң бакыт тартуулап, жашоого үмүт берип, чарчоосун жазып, көңүлүн көтөрүп жана жүзүнө жылмаюу тартуулаган бөбөктөрдүн майрамы. 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү Аялдардын бүткүл дүйнөлүк демократиялык федерациясынын кезектеги конгрессинде 1949-жылы бекитилип, биринчи ирет 1950-жылы майрамдалган. Бала десе, тойдо эки жашка айтылчу каалоо тилектер эсиме түштү. "Ар бир үйдө наристенин күлкүсү жаңырып турсун" деп башталган сөз "дагы эмне дейбиз эми, майда тапичкалар көбөйө берсин, астыңды мал, артыңды бала бассын" деп аяктайт эмеспи. Балдар тууралуу куудулдардын да "Азыр баланы бакканга шарт жок дешип үчтөн ашык төрөбөй жатышат, дагы кандай шарт түзүп бериш керектигин түшүнө албайм. Мурда бир боз үйдө жашап эле ондон ашык балалуу болгондор кантти экен" деп айтканы бар. Өзүм бала тарбиялап көрбөгөндүктөн азырынча бул боюнча бир нерсе айтуудан алысмын. Эмнеси болсо да бычакка сап уулдар, кыргызды кыйырга тааныткан кыздар чоңоё берсин. Ал ортодо бала кезде "жүрөк үшүн алган" ырымдар менен таанышып алыңыз.

Эми кечээги күндүн маанилүү кабарларын тизмектейли.

УКМК "Кыргыз почтасы" менен авто инспекторлор элден түшкөн айып пулду бөлүп алышып, мамлекеттик казынага түшчү 500 миң сомду кымырып кеткен деп айып такты.

Ошол эле учурда жолтанбас минген аял авто инспекторду тоготпой жөөлөй айдап кеткен видео тарады

© © Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосуБишкекте айдоочу маңдайындагы инспекторду бир нече метрге жөөлөдү. Видео
Бишкекте айдоочу маңдайындагы инспекторду бир нече метрге жөөлөдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте айдоочу маңдайындагы инспекторду бир нече метрге жөөлөдү. Видео

Ал эми Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги турган 3,371 гектар жерди ижарадан бошотууга макул болушту. Буга чейин элчилик жылына 700 миң сомдон төлөп келген болчу. Буга эмне себеп болду деп таң калып жатсаңыз жагдайды бул жерден түшүнө аласыз.

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйындарынын биринде депутаттардын кандай автоунаа айдап жүргөнүнө байкоо салдык. Видеодон эл өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгынын жол тандабаска ык койгонун, көпчүлүгү кара жана ак түстө экенин байкоо кыйын эмес

Азыркы маалда Кыргызстанда 98 мамлекеттик ишкана ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал мекемелерден өлкө казынасына жыл сайын 250 миллион сомдон ашык киреше түшөт. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын учурдагы абалына жана тапкан кирешесине кызыкты

ЖК депутаты Аскарбек Шадиевдин "кайып" болуп кетиши көпчүлүлүктү ойго салды. Анын дарегин билүүгө кызыккандар көп, бирок каякта экенин билгендер аз болууда.

Дарыгер Гинеколог Гүлзина Мадраимованын айтымында, жатын моюнчасынын эрозиясы көп учурда аялдын жанын оорутпай, белги бербей жүрө бериши мүмкүн. Бирок көңүл бурбай койсо төрөбөй калууга, өтүшүп кетсе ракка алып келет. Биз адистен жатын моюнчасынын эрозиясынын (жара) пайда болуш себеби, белгилери, алдын алуу жана дарылоо ыкмалары тууралуу сурадык.

Ак таңдай акын, улуу устат Замирбек Үсөнбаев менен кесиптешим Мирбек Сакенов маек курду.

Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарында биринчи ирет өтө турган Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн эрежеси менен таанышып алыңыз.

Өлкө аймагына алынган аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.30 (сатып алуу) жана 68.54 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, ал эми дизель майы 44.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бактылуу балалык каалайм!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0