Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ымыркай энесинин ичинен эмнеге ыйлап түшөт?

© Sputnik / Табылды КадырбековБаланы бешикке бөлөп жаткан аялдар. Архив
Баланы бешикке бөлөп жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"А-а-а" деп ушу дүйнөгө келээр менен мойнума 600 доллар карыз илинди деп ыйлайт. Ал мамлекеттин 4 миллиард болуп калган насыясы. Байкуш, атасы менен энесинин карызын билбесе керек.

Эртең берем деп достордон, анан берем деп агалардан, айлык тийгенде деп айылдаштардан, "колдон келгенде" деп курбулардан акча карызга алабыз. Айлабыз кетип эч ким ишенбей калганда "азыр эле берем" деп колунан жулуп, изибизди суутуп качабыз. Жашап жаткан үйүбүздү, минип жүргөн машинебизди банкка, кызыбыздын кулагынан сыргасын чечип ломбардга коебуз. Балабыздын батинкесине чейин залогго таштайбыз.

Тойго барат элем деп "под процент" акча ала коюп карызга кийинебиз, конфет ала барат элем деп короодогу комоктун көк дептерине илинебиз. Кошумчага акча таппай калсак, актай кагазга "бир кой" деп жаза коюп, конвертке салып, тойдо тайраңдап бийлейбиз.

Күзүндө түшүмдөн берем деп үрөн алабыз. "Оборотко жетпей жатат" деп бизнеске аяш атабыздын акчасын салабыз. Баламдын контрагы жабылбай жатат деп баягы эле бажаларга мойнубуздан байланабыз.

Карызды акчалай алабыз, накталай алабыз. Үй салып жаттык эле деп цемент-кирпич, малга деп жем-чөп, алга деп тамак-аш алабыз. Карызга белден батабыз, берерибиз оор жууркандай болгондо оронуп жатабыз.

Карызга үйлөнөбүз, жайланабыз, туулабыз, анан өлөбүз. Карызга жылкы алып, маркумду көмөбүз.

Анан жада калса, рамазан айынын ортосунан эки күн оозубуду бош кое берип, орозону бузуп, аягында "дополнительно кармап коем" деп, Кудайга да карыз болуп калабыз.

Кытай Кыргызстанга 600 млн. юань бөлөт. Ал акча археологиялык казууларга жумшалат.

Кыргызстандын Эсеп палатасы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен миллиондогон финансылык мыйзам бузууларды аныктады.

Жогорку сот бийликти басып алууга аракеттенди деп соттолгон оппозициячылар Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун жаза өтөө мөөнөтүн жеңилдетти

Кыргызстан Тажикстан менен мындан ары чек арадагы жаңжал учурунда курал колдонбоо боюнча макулдашты. 

Өзгөчө номерлерди сатуудан бюджетке 9 млн. сом түштү.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.29 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0