Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15.Чоң атамдын көк пакетин сагындым...

© Sputnik / Табылды КадырбековВелосипед тээп бараткан бала жана кары адам. Архив
Велосипед тээп бараткан бала жана кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Мен сиздерди бүгүнкү бурадар менен айылга алып барып келейин дедим. Бул окуя өзгөчө чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойгондор үчүн жакшы тааныш болушу мүмкүн.

Азыр "ифтар" деп жатышпайбы, муну биз жакта кыргызча эле "ооз ачар" деп айтышчу. Орозо башталары менен айылдыктар кезектешип ооз ачар өткөрөт. Анын башкы максаты — аксакалдарды үйүнө чакырып бата алуу. Ооз ачырам деп кезек талашып, болбой баратса бир күндө эки адамдын үйүнө барып калышат. Ошентип орозо башталганы аксакал аталарыбыз кечинде үйдөн тамак ичпей калышат. Ар бир үчүнчү кишиде унаа бар, кечинде бири-бирин чогултуп жөнөп кетишчү. Арасында менин чоң атам да бар. Кечигип калбасын деп алдын ала эскертип калпак, чапандарын даярдап койчубуз. Анан чоң атамдын келишин күтүп, уктабай көзүбүздү кызартып отурабыз. Мунун да себеби бар… Күткөнүбүз эле ал жактан алып келе турган көк түстөгү AYGEN баштыгы. Кокус уктап калчу болсоң, эртең менен ал баштыктагы даамдуу шоколаддар же банандарды таппай каласың. Түнкү саат 11ден өтүп келчү. Аягында баштыктын мастери болуп калдык, чоң атам алып келери менен ичин карап ага чейинкилерди салыштырып чыгабыз да "дасторкон анча эмес" же "мурункудан жакшы жасалыптыр" деп баа берип коёбуз. Шаарга келгенден бери чоң атамдын баштыгынан даам жебей калдым. Кээ-кээден тойдон алып келгендерин чогултуп бир жөнөтүп турат. Азыр чоң атамды сагынганда, баштыгын да кошо сагынып турам…

Эми баштыкты бул жакка коюп, кечеги күндүн кабарларын тизмектейли. Бүгүн орозонун акыркы күнү. Эртең таңга маал айт намазы окулат. Борбор калаада өтчү айт намаздын программасын сунуштайбыз.

Айттан улам милиция катуу тартипке өтүп, бир катар көчөлөр жабылмай болду. Ушуга карап жолуңузду пландаңыз.

Жай мезгилинин алгачкы айы ортолоп калды. Ысыктын күнү ата-энелер каникулга тараган балдарын кайда жиберип, кантип эс алдырсам деп ойлоп жаткан кези болсо керек. Балдарыңыз тойдон келген баштыкты эле күтүп отура бербесин десеңиз Бишкекте, шаардын чет жагында жана Ысык-Көл облусунда жайгашкан жайкы лагерлерге жөнөтүңүз.

Бүгүндөн тарта Футбол чемпионаты башталат. Эми бир ай бою мага окшоп футболго кызыкпагандарга кыйын эле болот го. Соцтармакта же достор менен жолукканда алардын сөзүн түшүнбөй, өзүңдү адам эместей сезип кетесиң. Болбой баратса чемпионаттын тарыхынан майда-чүйдөсүнө чейинки маалыматты окуп алыңыз. Достордун маегине калп эле болсо да кошулуп каласыз.

Саясатка баш баксак, Жогорку соттун коллегиясы мурдагы депутат Садыр Жапаровго чыккан шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Өкүм окулганда залдагылар "наалат, наалат" деп кыйкырып чыгышты. Сотту көздөй жулунгандарды милиция кармап калды.

Ал эми Бишкек шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковду да камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Ал арада мурунку премьерлер Темир Сариев менен Жантөрө Сатыбалдиев да УКМКга суракка чакырылды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.23 (сатып алуу) жана 68.48 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Орозоңуздар кабыл болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0