Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Футболчуларды сүрөгөн кыздарды көрдүңүзбү?..

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүФутбол күйөрманы. Архив
Футбол күйөрманы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип дүйнө жүзүндөгү футбол күйөрмандары телевизордон көзүн албай, ар бир оюнга көз салып, керек болсо катуу дем албай отурган учур.

Негизи топ тоголок деп бекеринен айтпайт, ким утуп, ким утуларын да алдын ала айта албайсың. Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта дал ушундай окуя болду. Учурдагы дүйнө чемпиону Германиянын курама командасы Мексиканын командасына 0:1 эсебинде утулуп калды. Эми гол киргенде машыктыруучунун, күйөрмандардын сүйүнгөнүн көрсөңүз сиз деле тура калып кыйкырып жиберишиңиз толук мүмкүн эле.

Мына ошол футболго күйөрмандык кылган айрым селкилер фотографтардын да көңүлүн бурду. Өз командасын сүрөө үчүн ашуу ашып, бел басып келген бул күйөрмандар көпчүлүктү кайдыгер калтырбайт. Элден калбай сиз дагы сулууларга суктанып алыңыз.

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБолельщики перед матчем ЧМ-2018 Португалия - Испания
Болельщики перед матчем ЧМ-2018 Португалия - Испания - Sputnik Кыргызстан
Болельщики перед матчем ЧМ-2018 Португалия - Испания

Кыргыз саясатчыларынын ичинде "сакадай бою сары алты" болгон Темир Сариев "эки бешке" чыкты. Тамаша, учурунда депутат болгон, премьер министрликти аркалып, президенттикке ат салышкан Сариев 55 жашка толду. Бул саясатчынын калың эл билбеген, катылып жаткан бир топ сырлары бар. Алардын баарын тизмектеп чыктык. Көз саптырып окуй салыңыз.

Жайдын ортосу болуп калса да аба ырайы кудум жаздын күнүндөй. Бирде бүркөк, бирде жаан… Алдыдагы аптада күн кандай болот? Күндүн көзүн көрөбүзбү же көз ачырбай жамгыр жаайбы? Эгер эс алууга чыгып, Ысык-Көлдүн жээгинде күнгө кактанып жатам деп пландасаңыз бул маалымат дал сиз үчүн экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.15 (сатып алуу) жана 68.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Футболдо сиз сүрөгөн команда жеңишке жетсин деген тилек менен Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0