Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кошунаң менен таанышып ал, карайлап каласың!

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүПодготовка к празднованию Курбан-Байрам в Киргизии
Подготовка к празднованию Курбан-Байрам в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Бирөө менен таанышкан кандай жакшы, ээ, өзгөчө кошунаң менен...

Айылда кошуналарың тууганыңдан да жакын болот. Өзүңдө жок буюмдарды андан алып, наның же тузуң түгөнсө да чуркап кире каласың. Башыңа оор иш түшсө, кубансаң, той өткөрсөң туугандарыңдан биринчи кошунаң жетип келет. Ал эми шаарда кечирип кой, жада калса эшиктеш жашагандарды тааныбайсың! Бир нерсе сурап кириштен да уялып, кайра эле дүкөнчүлөргө күнүң түшөт.

Мен жашаган батирдин үстүңкү кабатында кыздар жашачу. Кээде ызы-чуу салып, тапыр-тупур болуп түн уйкуңду козгоп калышаар эле. Аябай шок кыздар экен деп койчубуз. Бир жыл мурун болсо керек, алар менен бир-эки жолу лифтиде кезигип калганбыз. Бирок телефон номерлерин алып, катышууга аракет кылбаптырбыз. Кечээ жумуштан кийин үйгө барганда, лифтке түшпөй тепкич менен көтөрүлдүм. Бир кыз менен эшиктен чогуу кирип кеп салып сүйлөшүп калсак, "Сиз Sputnik агенттигинде иштечү белеңиз?" деди эле "ооба" десем, "мен сиздерге практика өткөнү барбадым беле, ошол жактан көрүп калгам" десе болобу. Ал тээ архивде иштеген тааныштары аркылуу кесиптешим Мирбек Сакенов менен сүйлөшүп келген экен. Кызыгы, ал үстүңкү кабатта жашаган шок кыздардын бири турбайбы?.. Ага таң калып күлүп жатсам дагы бир окуяны айтты. Алар менен эшиктеш жашаган коңшу эже ооруп калганда кыйналып алыстагы бейтапканага барып ийне сайдырып жүрүптүр. Болбосо ошол кыздардын бири медайым экен. Ошол эле эже үйүндө свет өчүп бир топко чейин жарыгы жок жашаптыр. Электрик чакырса келбей, келгенде да көп акча алып оңдоп бериптир. Жанындагы кошунасы электрик экен. Баарын түштөн кийин билип отурабыз.

Ушундай туугандар, карайлап калбайын десек, шаарда жашаганыбызга карабай кошуналарбыз менен мамиле түзүп алалы. Жеңилин жерден, оорун колдон алчулар жаныбызда экенин билбей жүрө берүү болбос.

Эми кечээги жаңылыктарды барактайлы!

Союз маалында өзүнүн күжүрмөндүгү менен Москваны гана эмес, дүйнөнү багындырган кызылчачы Зууракан Кайназарова быйыл 116 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Мирбек Сакенов ал инсан тууралуу архивден кызыктуу фактыларды таап чыкты

Оор атлетчи Улан Молдодосов дүйнөлүк жана азиялык мелдештерде бир нече жолу Кыргызстандын туусун жайкалтып, гимнин жаңырткан. Аны менен болгон кенен маекти сунуштайбыз.

Москвада мигрант болуп иштеп жүрүп жаза баскан кыргызстандык спортчу Чыңгыз Анарбек уулу дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Кыргыз эли жердешинин мындай кырсыкка кириптер болушун кайгыруу менен кабыл алып, ага жөлөк-таяк болууга жан үрөп жатышат. Ал турган материалдык жактан да жардам берүүнү демилгелеп, акча чогулта башташты.

Ал арада Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков да окуя боюнча үн катты. Ал эми Кыргызстандын өкмөтү кырсыктан жабыркагандардан расмий түрдө кечирим сурап, аларды өлкөгө келип эс алып кетүүгө чакырды.

Кечке жуук Таган райондук сотунда мекендешибиздин баш коргоо чарасы каралып, эки айга тергөө абагына киризилди. РФтин Кылмыш кодекси боюнча кыргызстандык жаран эки жылга камалып, айдоочулук күбөлүктөн ажыратылышы мүмкүн экенин айтышууда.

Бишкекте болсо УКМК экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча кармап убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Апта ичинде социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган сүрөт жана видеолор топтомуна назар салыңыз. Ал да аз болсо дүйнөдө болуп жаткан кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүнө баш багыңыз

© REUTERS / MARK MAKELAМузыкальный фестиваль Firefly в Дувре
Музыкальный фестиваль Firefly в Дувре - Sputnik Кыргызстан
Музыкальный фестиваль Firefly в Дувре

Жайдын экинчи айы кандай болот деп жатасызбы? Кыргызгидромет июль айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.16 (сатып алуу) жана 68.40 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бүгүндөн калбай кошунаңыз менен таанышып алыңыз!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0