Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тфү-тфү, Россия футболчуларына көз тийбесин!

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүРоссиялык футбол күйөрманы
Россиялык футбол күйөрманы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, достор! Жаңы башталган күн жалпыбызга тегиз тийип, баарыбызга жаркын маанай, дем-күч берсин.

Россиянын футболчулары элди таң калтырып жаткан кез. Өткөн чемпионатта тайпадан чыкпай, куудулдардын негизги темасына айланган курама команданын эки атаандашын тең жеңип келе жатканы орус элин кубанычка бөлөп жатат. Тфү-тфү, көз тийбесин! Футбол дегенде Роналду менен Мессиден башканы билбеген мен деле сүйүнүп атам, айтор.

Өткөн түнү Россиянын курамасы египеттик атаандаштарын 3:1 эсебинде утуп алды. Кут болсун дей туралы, бирок алдыда айыгышкан кармаштар көп. Футбол футболу менен, бирок кадимки жашоо өз нугунда уланууда.

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Египет
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Тфү-тфү, Россия футболчуларына көз тийбесин! - Sputnik Кыргызстан
Футбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Египет

Матраимов тууралуу. Саясий серепчи Дмитрий Орлов өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына мурдагы бажычы, эл оозунан түшпөй келген Райым Матраимовду кармоо боюнча чечим жогору жактан кабыл алынганын жазып чыкты эле, дагы бирөөлөр аны өлкөдөн чыгып кетти деп айтышты. Мындан улам редакция Матраимовду камакка алуу канчалык мүмкүн экенин, негизи эле өлкөдө коррупцияга каршы күрөш кандай деңгээлде жүрүп жатканын билүү максатында серепчилердин пикирин укту.

Милиция тууралуу. Кечээ бир эмес, эки милиционердин кадыр-баркына доо кетти. Биринчиси — кафедеги тамактын акчасын төлөбөш үчүн ага ыпыр-сыпыр салып ийди делсе, экинчиси — өз жетекчисин чаап жибергени айтылды.

Аялдар тууралуу. Катын, колукту, жубан… Кыргызда аялзатын жаш курагына жана социалдык абалына карап кантип аталарын журналист Гулдана Талантбекова сураштырып көрдү.

Тоолор тууралуу. Өзүнө миң түрлүү сырларды каткан Баткен тоолору асмандан кандай көрүнөрүнө кызыгасызбы? Sputnik Кыргызстан агенттигинин чыгармачыл тобу жерине барып, тартып келди. Баткендин тоолору тууралуу жергиликтүү тургундар уламыштарды айтып берген.

Гүлдөр тууралуу. "Бишкекзеленхоз" ишканасы Эркиндик бульварына ажайып кооз гүл челектерди коюп чыкты. Жыгачтан жасалган 50 даана гүл челек бульвардын Киев көчөсүнөн Токтогулга чейинки бөлүгүнө жайгаштырылды.

Курман айт тууралуу. Муфтият быйыл Курман айт 21-августка туш келиши мүмкүн экенин айтты. Бирок так датасы майрамга жакын калганда белгилүү болот.

Баса, бүгүн тоолуу райондордо жамгыр жаашы күтүлүүдө. Андыктан тоого жакын аймакта жашасаңыз, кол чатыр алып алууну унутпаңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.25 (сатып алуу) жана 68.39 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 45.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 48.00 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өлкөбүздө тынчтык болуп, ар дайым жагымдуу нерселерге кубана билели.

Аманчылык тилеп Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0