Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргыздын кыжыр кайнаткан суроолору

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOТелефон менен сүйлөшүп жаткан улуттук кийим кийген аял. Архив
Телефон менен сүйлөшүп жаткан улуттук кийим кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылт этсе эле кулак түйүп: "ким экен?" деп суроо салмай адатыбыз бар. Бизге тиешеси барбы, жокпу, жер чокуган тооктой эле кукулдайбыз. Канча экен? Кандай экен? Эмнеге? Кантип?..

Кеттик анда, кыжыр кайнаткан суроолорду тизмектейбиз. Жаныңызга баткан суроолор бул текстке кирбей калса, ылдый жагындагы "комментарий" деген жерге жаза берсеңиз болот.

"Салмагы канча экен? Боючу?.." Сүйүнчүлөгөн адамды колдон бек кысып, куттук айтып, наристе менен энесине ден соолук каалагандын ордуна, нес кылабыз. Бой-салмакты билип алып эмне? Же физика сабагындагы формулаларды эстей коюп, жаңы жаралган "заттын" тыгыздыгын эсептейбизби? Кээ бирибиз артынан "Врачка канча акча бердиң?" деп кулак түрөбүз. Бир килограмм баланын төрөт үйүндөгү "оптовый" баасын билгибиз келеби? Жаңы эле наристени сары май менен оозантып, кыркын чыгарып, баласынын торолуп кетишине далбаттанып жаткан энеге "экинчисин качан пландап жатасыңар?" дегенибизчи? Аттиң ай, "атасы ким экен" деп сурагандар да четибизден эле табылат.

"Эмне союптур? Эмне тамак ичтиңер? Кандай сыйлады? Ким келди?" деп коноктон чарчап келип, беш мүнөткө кыйшая кетип эс алганды баса калабыз. Айланайын, ичкен тамагын тизмектеп, А4 баракка туурасынан жазып отчет берсе курсагыбыз тоюп калабы? Же сойгон малдын эмки жылы берээр тукуму биздин корообузга киреби? Сизди деле ошол тойгон чакырган, болгону "ал биздин тойго эмне алып келди эле? А, жок, бир жоолук көтөрүп келиптир, барбайм" деп тойдон калып калгансыз да.

"Айлыгы канча экен?" деп жумушка биринчи күнү эле орношкон адамдын артынан түшүп алабыз. Карызымды качан берет деп кызыгып турсак керек, ээ? Же Павлик Морозовдун эрдигин кайталап, эртеси таң атпай салык инспекциясына "Баланчаев түкүнчө акча айлык алып жатат" деп тоголок кат жазабызбы?

"Канчага алдың?" деп жаңы буюм алгандын оозун аңдып калабыз. Жашаган үйүнүн, тээп жүргөн машинасынын, кийип жүргөн көйнөк, костюм, байпагынын баасын билип алсак телегейибиз тегиз болуп, тынч уктайбыз. Кредитибиз жабылып, балдарыбыз жалаң "бешке" окуй баштайт. Жада калса маркумду жерге берип жатып күйүткө чөмүлүп жаткан бир туугандарын да жөн койбой улам суроо салабыз: "Жылкыны канчага алдыңар? Төрт эли чыктыбы? Таман?"… Жаман. Жаман.

"Жаңы келин (күйөө бала) кайдан болот экен? Канча бир тууган? Кайда иштейт? Атасы ким экен? Эмне алып келиптир? Канча калың бериптир? Себине эмне салыптыр? Сүт акысын бериптирби?" деп жаңы түтүн булаткан бүлөнү ГКНБнын картотекасына киргизчүдөй эле изилдейбиз.

"Сен кайда? Качан келесиң?" эшик шырп этсе шыр эле улуу-кичүүгө карабай артынан аңдып калабыз. Телефондун үнү чыкса, заматта "Ким чалды? Ким экен? Эмне деди?" деп суракка фашисттердин офицерлеринен кем калбай алабыз.

Алыстан жаңы эле келип, үйүбүзгө аманчылыгыбызды сурап келген туугандарыбызды"Кайра качан кетесиң?" деп ошол замат беттен алабыз. "Самолеттон түшүп түз эле сизге келдим" деп турса да, кайра-кайра "Качан келдиң?" дегенибизчи…

"Уктап жатасыңбы?" деп жүзүнө үңүлүп, көзү жаңы илине кеткен адамдын уйкусун бузабыз.

Жаңылыктарга суроолор:

Тажикстандык акын Адибаи Азиз бул өлкөдөн кыз алгысы келген чет элдиктерге калың төлөтүү боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштады. Тажик кыздарына суктанган жигиттеринен суроо "Калыңы канча экен?"

Жекшен Тагаев "Илияздын ырына" обон жаратып "Канча акча тааптыр?"

Казакстандык блогер жана Instagram жылдызы Айжан Байзакова Бишкектеги түнкү клубдардын бирине келип кетиптир. Ошол жолугушууга барган биздин кыздардан бир эле суроо "Эркектердин жан дүйнөсүн эриткен эрини менен төшүн канчага жасатыптыр?"

Кыргызстанда куугунтуктап жатат деп АКШга баш каткан журналист Элнура Молдокадырова өзүнүн YouTube каналына жолдошу Ренат Самудиновдун видео кайрылуусун жүктөптүр. Кайра качан келет экен?

"Айыл кэмп" этно лагеринин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов жаш балдарга мал союп, боорсок жасаганды да үйрөтүптүр. Эмне союптур? Эмне тамак ичиптир? Кандай сыйлады? Ким келди?

Мунай баасы канча экен дегендерге: Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылып жатат.

Доллар баасына кызыккандарга: Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.16

Өлкөдө 10:15! Эмне кылып жатасыңар? Качан анан айылга?

Жаңылыктар түрмөгү
0