Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Спорт журналисттери кызыл чекеге түшүп...

© Sputnik / Максат ЭлебесовЖурналисттер. Архив
Журналисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, күнүңүз тынч өтсүн!

Арыбагыла, туугандар! Бүгүн менин бир жумалык эмгек өргүүдөн кийинки жумушка чыгышым. Эс алуунун төрт күнүн мелмилдеген Ысык-Көлдүн жээгинде, тагыраагы спорт журналисттерине арналган мелдеште өткөрдүм.

Уюштуруучулар — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү азамат экен!

Эсте калган учурлар көп болду. Жети дубандан келген кырктан ашык журналисттин башы биригип, төрт командага бөлүндүк. Атыбыз эле бир тайлык: "Кочевник", "Пушки", "Алга", "Жаштык"…

Быссымылда дегенде эле жаш курак боюнча физикалык нормативден баштадык. 60 метрге чуркап, колду буттун учуна чейин чоюп, анан секирдик. Мендей салмагы оор адамдарга бул көнүгүүлөрдү жасоо оор сезилди, арыктар чегирткедей эле кыймылдап жүрүштү. Антейин десең сексенге таяп калган Канай Баяновичтин күлүктөй чуркаганычы… Жетимишке барып калган Александр Шепеленко, алтымыштан ашкан Табылды Асыгалиев менен Тахир Гафуровдун активдүү катышкандыгы жаштарга дем берди.

Андай кийин аркан тарттык. Мындайда салмагы чоңдорго кудай берди, күч жетпегенде чалкалап алсаң жакшы экен. Бирок өзүбүздөн чоң арканды тартыш оңойбу, улуу байкелер ага анаконда деп ат коюп алышкан.

Мелдештин эң кызыктуу учуру футбол болду. Чиркин, дүйнө чемпионатынан кем калышпай ойнодук го. Катуу оюн болду. Кызыл чекеге да түшүп кеттик. Чындыгында журналисттердин арасында топту катыра ойногондор көп экен. Айрымдары фаворит болгонго жетишти. Мендей ойной албагандар жок дегенде атаандаштын астын тороп, торойто коюп кеткенге жарап жатты.

Программа боюнча тогуз коргоол ойнойбуз дегенде баары "билбейбиз, тимеле койсок болмок" деп кейип-кепчип жатышкан. Бекер эле наалыптырбыз. Мелдешке чейин оюндун калысы эрежелери жана сырлары тууралуу бөлүштү. Тогуз коргоол өзүнө арбап алат деп ойлогон эмесмин. Акырында баарыбыз таштарды шуулдата санап, биринчи, экинчи орундарды алсак болобу. Оюндун калысы кетип баратканда "сизди кайдан таап, үйрөнсөк болот" дегендер арбыды. Тогуз коргоол чыныгы акыл калчаган оюн экен!

Кум үстүндөгү волейболду командада экиден гана киши ойнойт экен. Эсте калган оюндардын бири болду. Өзгөчө буттар ысык кумга тийип, күн мээге чакыйганда өзүң эле безилдеп чуркап ойнойт экенсиң. Волейбол калк арасында популярдуу оюн экендигин ушундан билиңиз, эс алып жүргөндөр кошо күйөрмандык кылып, кайсы бир командага жан тартканга үлгүрүштү.

Эң сонун учур сыйлык тапшыруу эле. Жүрөк дүкүлдөп кайсыл команданын аты чыгат деп санаага баттык. Төрт команда тең күчтүү болгондуктан алдын ала жеңүүчүнү атоо кыйынга турду. Төртүнчү "Жаштык", үчүнчү "Пушки", экинчи "Алга" дегенде эле жеңүүчү ким экендиги белгилүү болду. Залдын ичин "Кочевник" деп кыйкырган үн жарып салайын деди. Баса, бул менин командам эле. Жеңиштин даамын сүрөттөп берүү кыйын. Жашоомдогу алгачкы медаль, диплом, Кубокту ушул мелдеште жеңдим. Мага окшогондор ондоп саналды.

Жыйынтык сөз. Биринчиден мелдештин аркасы менен ЖМКлар ортосунда мамиле чыңалып, кесиптештер менен алака түзүлдү. Экинчиден, спорт жаатында жаңы идеялар пайда болду. Үчүнчүдөн, сонун эс алдык!

Эми жаңылыктарга өтөлү.

Кайрадан спорт. Социалдык медиада Бельгиянын курама командасы жана "Ливерпулдун" дарбазачысы Симон Миньоледен футболка сураган кыргызстандык күйөрман эсиңиздеби? Кесиптештер ал менен байланышып, окуя туурасында учкай маек курду.

Эгерде футбол чемпионатындагы япониялык күйөрман жөн гана отурган жерин тазалап кетсе эч ким көңүл бурмак эмес. Ал калпак кийип алыптыр.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмирди бетинен өптү. Эмне үчүн?

Ал арада Мирбек Сакенов алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр кайсы облуста көп экендигин аныктады.

Кесиштештерим негизи эле кыйын деп айтам го, Айида Батырбекова Таласта 11 килограмм алтын үчүн жайыт жер менен токойду ким каза баштаганын ачыктады.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү май 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылып жатат. 

Доллар баасына кызыккандарга. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.10

Соңку сөз: Иштегенди да, эс алганды да билиңиз!

Жаңылыктар түрмөгү
0