Амансызбы, бурадар! Өлкөдө 10:15. Күзгө чейин үй алууга үлгүрүп калыңыз, себеби...

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турудуңузбу, мекендеш.

Бүгүн күнгө жума. Алдыда эки күндүк эс алуу.

Аптап акырындап өзүнүн күчүн көрсөтө баштаган сымал. Бүгүн Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, ысык 34…36 градуска чейин көтөрүлөт. Азыр жайкы эс алуулар башталгандыгын эске алсак, Ысык-Көлдөгү күндүн ырайы көптөргө кызык. Бүгүн ал аймакта термометр +30 градусту көрсөтөт экен.

Биз жамгырдан араң башыбызды көтөрсөк, Канададагы ысык 17 кишинин өмүрүн алып кетиптир. Монреаль менен Торонто шаарларында "муздатуучу борборлор" ачылып, элге муздак суусундуктар таратылып жатат дешти.

Бүгүн жума болгондуктан бишкектиктер менен Чүйдүн жашоочуларынын эртерээк камынганы кеч курун, шашпагандары таңдан тарта "кайдасың, Ысык-Көл" деп жөнөп калышат. Автоунааны адыраңдатып айдабай, аман-эсен жетип алыңыз. Коопсуздук үчүн жол бою 34 пост орнотулган. Автоинспекторлор Чүй менен Ысык-Көлдүн кайсы жеринде турарын бул жерден билип алыңыз.

Оозду ачырган байлык. Чет өлкөгө чыгып кеткен аткаминер Аскарбек Шадиевдин байлыгы тууралуу УКМК жар салганда, оозуңуз ачылды беле? Анын компаниялары тууралуу кеңири маалыматты журналист Расул Үсөналиевдин материалынан окусаңыз болот. Мындан бир нече ай мурда Шадиев жана туугандарына таандык делген 12 компания менен беш турак жайды камакка алган болчу.

Турак-жай демекчи, Бишкектен там-ташты кайсы маалда сатып алуу оң экендиги, эмнеликтен элиталык батирлердин баасы жогорулагандыгын бул жерден окусаңыз болот.

Ааламда эмне кеп деп баратып, бул жакшы кабар эске түшө калды. Бельгиянын дарбазачысы кыргызстандык күйөрман менен байланышка чыкты.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.42 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Эл арасындагы атактуу саптарды "Алтындан үйгө кирсе да, асмандан жылдыз аралап, ай нурун кармап минсе да, БАЙЛЫККА тойбойт адамзат" деп өзгөртүп койгум келди.

Алдыдагы дем алуу күндөрүңүз ойдогудай өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0