Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Арыктын чок ортосуна өскөн бак. Кантип?

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос мэрии: когда полив в Бишкеке будет полноценным?
Вопрос мэрии: когда полив в Бишкеке будет полноценным? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизи Бишкек шаарында таң кала турчу нерселер көп кездешет. Дем алыш күнү шаар аралап басып бир чети күлкү, бир чети жинди келтирген окуяга туш болдум.

Адам баласынын колунан баары келет. Бул сөздү мага чейин эле көсөмдөр, акылдуулар, билимдүүлөр айтып далилдеп деле коюшту. Эгер киши бир нерсени көңүлдөнүп жасаса, анан калса колу билсе жөн эле майын чыгарат.

Бирок мен бул жолу адамдын акылга сыйбаган нерселерди жасаганы тууралуу айтууну эп көрдүм. Эркиндик паркы менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде беш жылдыздуу мейманкана бар. Өтө бийик эмес, сырты сары таш менен кооздолуп көзгө жагымдуу көрүнөт. Айланасы тосулуп, иретке келтирилген, газондору жапжашыл болуп турат. Мына ушул мейманкананын алдынан 20 метрдей ары жакта ары кызыктуу, ары өкүнүчтүү бир көрүнүш бар. Ал жактан такай өткөндөр аны байкабайт деле.

Кечкисин үй-бүлөм менен паркта сейилдегени чыкканда дал ушул мейманкананын алды менен өтөбүз. Дайыма өткөн сайын "видеого тартам" деп айтканым менен чоло тийбей келген. 8-июлда күндүн 40 градуска чейин ысыганына карабай ошол көзгө жаман көрүнгөн нерсени видеого тартууну чечтим. 

Мына арыктын так ортосуна өскөн бак. Макул, бак өссүн дейли. Бирок ага келип кадалган арыктын нугун бир аз башка жакка буруп, аны айлантып өтсө деле болмок да. Жок. Арык дал ошол бакка келгенде бүтөт да, бактын ары жагынан кайта уланат. Канти-иип? Эң кызыгы ошол эле бактан 10 метрдей ары жакта. Арыктын уландысы дал ошол кыйылган бактын дүмүрүн айландырып салынган. Эмнеге? Дүмүрдүн кимге кереги бар. Андан көрө арыкты жакшынакай өсүп турган бакты айланта салса болбойт беле? Бул суроого жооп таба албай койдум. Балким, окурман жообун билээр.

Эми башка кызыктуу жаңылыктарга бир көз таптырып коюңуз.

5 жашында дүйнө чемпиону болгон Умар

© Фото / Заир МарасуловПятилетний кыргызстанец Умар Марасулов
Пятилетний кыргызстанец Умар Марасулов - Sputnik Кыргызстан
Пятилетний кыргызстанец Умар Марасулов

Азыр күндүн ысыгында кээде маршруткага түшкөндөн заарканасың. Кандай нерселер кыжырды кайнатарын тизмектеп чыктык.

Учурунда жашаган батиринен куулган бишкектик ишкер айымдын окуясы сизди да таасирлентиши мүмкүн.

Актриса Элина Абай кызы интернеттеги "жарма патриоттордун" оозун жапты. Кантип дейсизби? Бул жактан окуңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бөдөнү сойсо да касапчы сойсун.

Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0