Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бир күн бою Ош базарын аралап...

Жазылуу
"Эл чынында кандай жашап жатканын билгиң келсе Ош базарын бир күн эле аралап кой" деп мен сыйлаган журналист агам айтты эле. Жыл башынан бери үч жолу өрт чалган Ош базарындагы абалды, өзгөчө акыркы болуп өрттөнгөн "Берекет" базарынын соодагерлери учурда кантип жатты экен деп таң эрте барып келдим.

Биринчи эле көзүмө урунган нерсе Чүй проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилишиндеги "Берекет гранд" соода борборунун алды болду. Бут коёрго жер жок, жайма базар. Бири-бири менен соодасы жакшы болбой жатканын сүйлөшкөн соодагерлер. Айтымдарында, "Берекет" базары өрттөнүп кетпегенде азыр алардын ити чөп жеп, иши илгерилемек экен. Анткени жайында эл жеңил кийимди бат-баттан сатып алып турат экен.

Кулиев көчөсү менен жогору Токтогул көчөсүнө чейин бардым. Жолдун эки чети тең убактылуу чакан соода күркөлөрүнө толгон. Деги койчу, балдардын оюнчугунан чака-чайнекке чейин сатылып жатат. Бир чети соодагерлер эптеп эле калган товарын сатып калуунун айласын көрүп жаткандай таасир калтырды.

Ары-бери басып жүрүп күн аркан бою көтөрүлүп кеткенин байкабай калыптырмын. Ысык, аптап эми бир башкача. Кесиптешим буга чейин жазгандай күн баштан өткөндө кыдыңдап эле өзүң басып жөнөйт экенсиң.

Кулиев көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгында жаңы соода борборунун орду 4-5-метрдей казылыптыр. Атайын техника иштеп жатат. Бирок жумушчулар мындай ылдамдык менен иштесе быйыл анын пайдубалы түптөлөрү да күмөн окшойт.

Жанталашып эле иштеген эл. Жолду катар тизилип, бири-бирин жөөлөгөн соодагер. Карапайым калк "заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол" деген жазылбаган мыйзам менен жашап жаткандай таасир калтырды.

Анда эмесе Ош базарындагы бир күндү аз болсо да түшүнүү үчүн биздин сүрөт түрмөккө көз салып коюңуз.

Бишкек шаарында эстакадалык көпүрө кандай курулуп жатат. Видеосун көрүңүз.

Кызына сеп бергендер эсине тутуп койгону жакшы.

"Бетме-бет" тасмасын кимдер билбейт. Ошол тасманы тартуу учурунда тартылган сүрөттөр актерлордун эмоциясын башка жагынан ачып берет. Мына ошондой таберик сүрөттөрдүн бири.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ар бир жасаган ишиңерден ырахат алгыла деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0