Той. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:20. Кесиптештин тоюндагы кызыктар

229
(жаңыланган 12:22 17.07.2018)
Кутман таң! Жакшылыктар көп болсун!

Кечээ Sputnik Кыргызстан агенттигинин калеми курч, сөзү мурч кабарчысы, радиобуздун алтын үндүү алып баруучусу Исмаил Мамытов үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдү. Кайсы бала эле деп ойлонуп калсаңыздар баягы аялдамадан күткөн сулууну аяш атасыныкынан жолуктурган жигит

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей кесиптешибиз ар тараптуу. Журналист, радиодо алып баруучу гана эмес, тойлорду тизгиндеген тамада, Юридикалык академияда мугалим, спорт менен машыгып намазын калтырбайт окуйт, анан да келиштирип ыр жазган таланты да бар. Канча кыз ыйлап гана кала берди экен. Башкысы алган жарың менен бактылуу бол, ооруба!

А биз болсо кечээ ошол тойго бардык. Кызыктар көп эле болду. Биринчиден кыпкыргызча салтты сактап алтыда башталган тойго эки саат кечиктик. Аялбыз да, анын үстүнө жумуштан чыккыча… Бизде жумушта кечкисин "дежурство" деген бар да. Так биринчи антракт башталганда Конгантиевдин иши боюнча Жээнбековдун билдирүүсү келип калыптыр. Дагы бир-эки жаңылык бергиче эле бий бүтүп калды. Журналисттин жумушу ушундай, үйдө да, а тургай тойдо да тынч отура албайбыз. Той кантип башталып кантип бүткөнүн билбей калдык. 

Кечээки күндүн жаңылыктарын бир сыйра эсиңиздерге салып кетейин.

Памирге кайткан 18 кыргыз тажик-афган чек арасын кесип өтүштү. Кандаштар аман-эсен жеткенин айтып видео менен салам дуба жөнөтүп жиберишиптир

© Видео / Куван Бекмуратов
Памирге кайткан кыргыздар тажик-афган чек арасын кесип өтүштү

Кыргызстанга машина алып кирүүдө ага төлөнчү акы төмөндөдү. Бул жактагы калькулятор аркылуу кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша машиналарды алып кирүүдө канча төлөй турганыңызды эсептеп алсаңыз болот.

Кабарчыбыз Асель Минбаева даярдаган кызыктуу лонгрид чыкты. Макалада аялдардын жан кейиткен тагдырлары чагылдырылган.

"Дүйнөнүн сулуу айымы" наамынын ээси, жол кырсыгынан каза болгон Сания Шакированын апасы Насиба Мамбеталиева коомчулукка кайрылуу жасады. Көрсө, баягы кызынын колун сураган айдоочу үй-бүлөлүү экен. Анан калса Ысык-Көл облустук соту аны үй камагына чыгарып коюптур

Шаардык кеңеш болсо Албек Ибраимовду ээрден оодарып түшмөй болуптур. Мэрдин тагдыры 13-июлда чечилет.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.41 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бойдоктор эртерээк түгөйлүү болсун!

Ден соолук каалап, Таалайгүл Усенбаева

229
Белгилер:
валюта, аба ырайы, Мунай, Кыргызстан
Пикирлер