Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. суук кабар таратканды эмнеге жакшы көрөбүз

Жазылуу
Кутман таң, калайык калк! Ошентип кечээ кыргыз эли дагы бир чыгаан уулунан ажырады.

Түшкө маал интернетте өтө жагымсыз, бир жагынан күмөн санаткан жаңылык пайда болду. Бир нече колдонуучу "Азаттык" үналгысынын журналисти Улан Эгизбаев сууга чөгүп кетиптир" деп жазып чыгышты. Албетте, уккан кулагыңа ишенгиң келбейт.

"Азаттыктагы" кесиптештерге, милицияга чалдык, тилекке каршы, маалымат тастыкталды. Бирок ошол бир саат ичинде Facebook менен Instagram тармагы каңырыш ушуп, билип-билбей эле жана озунуп сүйлөгөндү жакшы көргөн ушакчыларга толгон айылды элестетип кетти. Расмий маалымат эч жерге чыга элек, кесиптештери кабар бере элек, бирок колдонуучулар интернет аркылуу суук кабарды жарыялап, жубайына көңүл айта баштады. Кесиптештери бейкапар отурган  ата-энеси, бир туугандары, кош бойлуу келинчеги уга электигин айтып, постторду өчүрүп коюуну суранып жатышты.

Достор, эмне мынча шашмабыз? Түшүнүп жатам, Улан бириңерге кесиптеш, бириңерге дос, бириңерге жакын санаалаш болчу. Колдон жулдуруп ийгенге баарыңардын эле ичиңер күйдү, шок болдуңар. Бирок Эгизбаевди жакшы тааныгандар, бир туугандары менен кош бойлуу келинчеги интернеттен алыс адамдар эмес экенин билет да. Жашоосундагы эң суук кабарды соцтармактагы пост аркылуу билишин каалайсыңарбы?

Туугандар, келгиле, сабырдуу, токтоо бололу! Интернетте эмоцияга алдырбайлы, бул маркумдун жакындарына эч пайда алып келбейт. Андан көрө ата-энесине, жубайына кайрат айтып, өзүнө бир ууч топурак салгандын сообу көбүрөөк деп ойлойм.

Ал эми тирүүлөрдүн күнү улана берет экен.

Баатыр бала. Бишкектик келин салмагы алты килограммга жеткен уул төрөдү. Бул 34 жаштагы аялдын бешинчи баласы. Дарыгерлердин айтымында, эне-баланын ден соолугу жакшы.

Алтын колдуу хорург. Дарыгер демекчи, журналист Асел Минбаева кыргызстандагы чыгаан хирургдардын бири Юсуп Уметалиев менен маек курду. Каарманыбыз 2010-жылдагы Ош окуясындагы өкүттүү ирмемдерди, 2000-жылдардын башында Иран мамлекетинде иштеп жүргөндө жүрөк үшүткөн кандай окуяларга туш болгонун айтып берди.

Өзгөчө куюн. Ал ортодо дүйнө жүзүндө таң калтырган жаратылыш кубулуштары болбой койгон жок. Кара деңиздеги Геленджика жээгине жакын жерден укмуштуу көрүнүш катталды. Анда деңиздин үстүнөн алгач уюлгуган капкара, андан соң бир аздан кийин шооладай болуп түшүп келе жаткан ак куюнду көрүүгө болот.

Аба ырайы. А бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.10 (сатып алуу) жана 68.10 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сабырдын түбү сары алтын!

Аманчылык тилеп, Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0