Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жазганы бир пост, алганы миллион доллар

© AFP / PATRICK LINАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Доор алмашкан сайын жаңы мүмкүнчүлүктөр, өзгөчө кесиптер пайда боло баштады. Болбосо 20-30 жыл мурда IT-адиси, программист деген сыяктуу адистиктер түшкө кирчү эмес да. Ал учурда зоотехник, мугалимдик кесиптерге көп тапшырышса, мен юрист менен экономисттерди пачкалап чыгарган доордо окуп калдым. Ошол эле учурда оор иш кылып белиңди оорутпай эле, үйдө отуруп акча табуу мүмкүн болгондой… Дары сатып же адамдарды айланаңа чогултсаң тез эле миллион табасың дегендер көп кездешет. Кызыгы алар сени өзү издеп келип, кайра-кайра жаныңды койбой чакырып сенин миллионер болушуңа "күйүп-бышат". Анан да социалдык тармакка өзүнүн сүрөт, видеосун жүктөп отуруп эле миллиондорду таап койгон жылдыздар да бар. Болгону бир пост, алганы миллион доллар. Буга манжасы деле өйкөлбөйт. Алардын сап башында турган Ким Кардашьяндын 20 жаштагы сиңдиси, модель жана ишкер Кайли Женнердин Instagram баракчасына 111 миллион киши жазылган жана ал бир билдирүүсү үчүн бир миллион доллар алат. Hopper HQ мобилдик сервиси Instagram баракчасы аркылуу көп акча тапкан атактуулардын рейтингин чыгарды. Башкалары канча табарына кызыксаңыз бул жакка баш багыңыз.

Ооба, азыр шапалактай болгон чакан телефон менен көп ишти бүтүрүп калбадыкпы. Бир күнгө жаныңда жок болсунчу оозу-мурдуңду кесип салгандай жаның жай албайт. Ошол телефондорду 100 сомго каттатып алсак кимге пайда, кимге зыян болорун талдап көрдүк.

Айттым го телефон көп кызматты аткарат деп. Бишкекте шымы жок жаткан милиция кызматкерин видеого тартып алышыптыр.

Сүлкүлдөп турган жаш куракка эмне жетсин. Селкилер чачын силкип, чайкалып маралдай басып бара жатса кимдер гана суктанбайт. Бирок көйкөлгөн сулуулар да кээ бир учурда жигиттердин айласын алты кетирип, жанын кашайтып жиберет. Жигиттердин кыжырын кайнаткан кыздардын алты жоругу.

Чемпиондордун дүйнөлүк аренада ийгилик жаратышына спорт медицинасынын өсүп-өнүгүшү абдан маанилүү. Ал эми Кыргызстан бул жаатта аксап, айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи ушундай.

Бишкек шаарындагы Жаштар багынын аймагына Бишкек мэриясы жасалма аска курган. Жакшы иш кылыптыр деп сүйүнөйүн десем, ал жерден балдар кулап түшсө, аман калчудай эместигин көргөндө башымды мыкчып отуруп калдым.

Өлкөдө сууга чөгүп каза болгон адамдардын саны улам көбөйүүдө. Кырсыктын алдын алуу үчүн бийлик кандай чараларды көрүшү керек, куткаруу иштерин кайсы орган көзөмөлдөйт жана чөгүп кеткен адамдардын өмүрүнө ким жооптуу? Бул суроолорго кесиптешим Таалайгүл Усенбаева жооп издеди.

Күздө өтө турчу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 26,6 миллион сом байге коюлду. Анын 6 миллиону көк бөрүчүлөргө берилет.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.95 (сатып алуу) жана 68.17 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.60 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.90 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кесипти туура тандап, ак иштейли!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0