Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыздардын жинине тийген эркектер

Жазылуу
Кутман таң, туугандар!

Кыздардын да, балдардын да арасында төгөрөгү төп келген адам жок деңизчи, бирок айрымдары аша чаап кетип жанды чындап эле кашайтат.

Өткөн аптада кесиптешим Эламан Кармышаков "кыздар кыжырды кайнатканда" деп аялдардын дарегине айда бир шек келтирди эле, бул ирет кыздар чогулуп туруп эркектердин кыжыр келтирген сапаттарын тизмектеп чыктык. 

Чындап эле кыргыздын жигиттери эч качан аялдар менен ажылдашып урушуп, эки-экиден кырылган эмес. Азыр болсо социалдык тармактарда жанды кашайтып оозу менен орок оргон эркектер көбөйдү. Жазуучу, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев жазгандай, эр жигит бок жүрөк эмес, таш жүрөк болуп, ала көөдөк эмес, эр көкүрөк зирек болгону жакшы. Жоо чабышта артында калдайып улуу күч турганда артка чегинбеши зарыл. Анда атпай журттун жүзүн, күндүн бетин кантип карайт. Намысты колдон алдырбай, колго алат. Арабызда сөздөн ишке өтүп, аялдарды сыйлаган, мекенин ойлогон намыскөй жигиттерибиз көп болсун!

Күн кадимкидей салкындай түштү окшойт. Ага карабай Ысык-Көлгө агылгандардын саны көп болсо керек. Эмнеси болсо да бир жумага карата аба ырайын алдын ала билип алыңыз. 

Ысык-Көл демекчи, кечээ Бостери айылында шеринеге баргандар тамакка ууланыптыр. Ысыктын күнүндө тамак-ашка ууланып калбайын десеңиз Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган 9 кеңешти билип алыңызчы. 

КМШ өлкөлөрүндөгү эң сулуу бийкечтер тандалды. Кана, кайсы өлкөнүн кызы сулуу экен? Баа бере салгылачы

© Sputnik / Владислав ВодневКонкурс красоты "Мисс СНГ-2018" в Алматы
Конкурс красоты Мисс СНГ-2018 в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Конкурс красоты "Мисс СНГ-2018" в Алматы

Баса, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Мекке шаарына сапар алыптыр. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.87 (сатып алуу) жана 68.11 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.60 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.90 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Дүйнөбүз түгөл болсун!

Жакшылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0