Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Из калтыр бул дүйнөдө жакшылык ишиң менен

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргыз көйнөк кийген кыздар. Архив
Кыргыз көйнөк кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Убакыт учат, доор алмашат, түбөлүктүү эч нерсе жок. Кечээ көргөнүң бүгүн жок. Жада калса жана эле жаркылдап жаныңда жүргөн адамың да таштап кетиши мүмкүн экен. Ал эми мамлекеттин креслосуна такыр ишенип болбойт. Өмүр бою ал ордун эч кимге бербечүдөй болуп жан талашкандарды да көрүп жүрөбүз. Бирок акыйкат андай эмес экенин жашоо өзү көргөзүп жатпайбы. Убагында чардагандар, азыр өз өлкөсүнүн бир ууч топурагына зар болуп жүрөт. Жылуу жумшак жерде жыргагандар сызга отурду. Эми сөздүн төркүнүн кененирээк түшүндүрүп берейин.

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Белоруссияга барып аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп, бир корпорацияны жетектеп, ал жактын жогорку бийлиги менен иштеп жатыптыр. Белгилей кетсек, 2010-жылдагы коогалаңдан кийин ага кылмыш иши козголуп, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган болчу. Мындан улам Башкы прокуратура Үсөновду издеп таап кармоо үчүн дагы деле аракет кылып жатканын кабарлады.

Ал эми Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурдагы башчысы Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эми экс-мэр тергөө аяктаганча, тагыраагы 29-августка чейин абакта отурат.

Ал арада "калаага башчы болот элем, келсем эле шаарды гүлдөтүп, элди жыргатып ием" дегендер четтен чыгууда. Кесиптештерим Бишкектин мурдагы мэрлери бул кызматка келгенге чейин ким болгонун тизмектеп чыкты. Ал тизмеден миллиардерден милиционерге чейин таба аласыз. Сиздин оюңуз боюнча Бишкекке кандай мэр керек? Астына пикир жазып коюңуз.

Финполдун кызматкерлери кайрылган кишинин ишин оңунан чечип берем деп акча доолаган салык кызматкерин тузакка түшүрдү.  Бул дагы бир далил болду окшойт. Жогоруда айткандай жыйган дүйнөдөн ажырап калыш бат эле, кандай учур болбосун адал иш, адамдык сапат, жылуу мамиле сакталып кала берет.

 

Эми жагымдуу жаңылыктар менен бөлүшөйүн. Кыргызстандык мушкерлер ММА боюнча Азия чемпионатында үч алтын жана бир коло медаль тагынды. Таш билек жигиттер Кытайда кыргыз гимнин жаңыртты. Ошол эле учурда кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Түркияда өткөн Yasar Dogu — 2018 турниринде күмүш медалга ээ болду. Жеңиш баарыбызга кут болсун!

Узаган жумада социалдык тармакта орун алган кызыктуу окуяларга назар салыңыз. "КМШ сулуусу-2018" сынагында кыргызстандык Сусанна Егорян "көрүүчүлөрдү суктантса", баягы "90-60-90 менин фигурам" деп ырдаган Кундуз Канатбекова турмушка узады. 

Мындан сырткары апта ирмемине көз чаптырып ааламдагы окуялар менен кабардар болуңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.90 (сатып алуу) жана 68.12 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.60 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.90 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Из калтыр бул дүйнөдө жакшылык ишиң менен.

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0