Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Миң күнгө тете бир күн...

© AP Photo / Karl-Josef HildenbrandТаң эрте. Архив
Таң эрте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң!

Бир күн келет сени ааламга жетелеп,

Бир күн берет бакытыңды эселеп.

Бүтөлгөндөй туш тарабың жылчыксыз,

Бир күн өтөөр тагдырыңды жемелеп…

Эмнегедир бүгүнкү бурадарды акын Акбар Кубанычбековдун "Бир күн" деген ыры менен баштагым келди. Бир күн… Бир эле күндүн ичинде эмне деген окуялар болуп кетиши мүмкүн… Эртеңкибизди эч кимибиз билбейбиз. Ак менен кара, жамандык менен жакшылык дайыма жанаша жүрөт дегендей, бүгүн майлуу-сүттүү кызматта отуруп, эртең базарда соода кылып калсаң эч ким таң калбайт. Же тескерисинче бүгүн көчө шыпырып жүрүп, эртең ташың тоону көздөй кулап кетиши деле толук мүмкүн.

Аткаминер, мамлекеттик кызматкер болуу деле азыр коркунучтуу болуп калды. Кечээ эле бийлик башында отургандар бүгүн колуна кишен тагылып соттон сотко барып жүрүшөт. 31-августта мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү боюнча баш коргоо чарасы каралып, сот аны 5-октябрга чейин узартуу чечимин чыгарды. Сот залынан күлүп-жайнап чыккан Исаковдун видеосу бул жакта. 

Министрликтерде адамдык сапат дегенди унуткан кишилердин иштеп жатканы кейиштүү. Дегеним, Айыл чарба министрлигиндеги башкы адистердин бири Күмүшбек Калчакеев статс-катчы Максат Ташболотовдон кордук көрүп, жумуштан айдалыптыр. Бул кишини статс-катчы ур-токмокко алыптыр. Андайлар уялбай кантип чоң кызматта иштеп жатат?

Кейиштүү окуя. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Коргоо жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин ыкчам кызматынын 19 жаштагы катардагы жоокери өмүрүн кыйыптыр

Миграция кызматы кыргызстандыктарга Россиядан иш таап берүүдө. Башка өлкөгө барып кайда иштеп, эмне кылам деген суроолор жаралса керек. Жол-жобосун бул жактан окуп алыңыздар. 

Белоруссия болсо Данияр Үсөновду эмне себептен Кыргызстанга бербей жатканын түшүндүрдү. 

Баса, Үсөнов былтыр эле аты-жөнүн Даниил Тимурович Урицкий деп өзгөртүп алыптыр эмес беле. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандар үчүн "Жаза тайып, башка өлкөгө качсаңыз, сиздин атыңыз кандай болмок?" деген оюнду даярдады. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.95 (сатып алуу) жана 68.17 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.60 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.90 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Жакшылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0