Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Максат айылынын маанайсыз жашоосу

Жазылуу
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Максат айылынын маанайсыз жашоосу

Учурунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов "Ааламга жол айылдан башталат" деп айткан эле. Бирок бул айтылган сөз биз сөз кыла турчу Максат айылына эч тиешеси жоктой.

Максат айылы Кыргызстанды чеп сыяктуу Тажикстандан бөлүп турат. Бул айыл биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда 1994-жылы түптөлгөн. Андан бери 24 жылдын жүзү өтсө да бул айыл көңүл тышында калгандай таасир калтырат. Курулушу башталбай жатып токтоп калган үйлөр, шыбагы түшүп калган дубалдар, чаңызгыган көчөлөр. Айтор, кудум 1990-жылдарга түшүп калгандай эле. 

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Максат Лейлекского района Баткенской области
Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Село Максат Лейлекского района Баткенской области

Чек арадагы стратегиялык маанидеги айылдын турмушу, жашоо шарты менен кесиптештерибиз барып таанышып кайтты. 

"Чыңгыз хандагы" Төлөмүш Океев. Сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп демекчи, атактуу кишилердин сүрөттөрү кимдин болбосун көңүлүн бурат. Белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океевдин бул таберик сүрөтү 1992-жылы тартылган экен.

© Sputnik / Александр ФедоровОкееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху
Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху - Sputnik Кыргызстан
Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху

Кыз балага карата кандай тыюулар бар? Билбей кыйналып жатсаңыз бул макаланы ача салып окуп алыңыз. 

Саясатты жазбай койсок болбос. Бишкек шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер катары Азиз Суракматов гана көрсөтүлдү. Мына ошол шайлоонун айланасында бир аз ой калчап, мэр кандай учурда шайланбай калышы мүмкүн деген айрым суроолорго жооп издеп көрдүк. Ооба, кандай учурда шайланбай калышы мүмкүн деген суроого жооп издеп көрдүк.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.04 (сатып алуу) жана 68.24 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Айылым — алтын бешигим. Ар бирибиз киндик кан тамган жерди өнүктүрүүгө аракет кылалы деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0