Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Өлдү" деген киши тирүү табылганда...

© Sputnik / Михаил ДудинЫссык-Көл. Архив
Ыссык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күн салкындай түштүбү, негедир муздак жел...

Аптаптуу ысыкта айрымдары чет өлкөгө барып эс алып келип жатса, кээ бири Ысык-Көлдү көздөй агылууда. "Жай бүтүп баратат" деп көл жээгинде аарыдай ызылдаган киши көп болсо керек. Андай көпчүлүктө кимдин эмне кылып жатканын эч ким деле байкабайт, башкысы сууга чумкуп, күнгө күйүп, жамбаштап жатсаң болду. Этият болбосо азыр ӨКМден "сууга чөгүп мынча киши каза болду" деген маалыматтар байма-бай келе баштады. Кечээ министрлик Ысык-Көлдө эки киши сууга чөктү деп кабар тараткан. Анда Балыкчынын "Сейил" пляжынан сууга чөктү делген 23 жаштагы жигитти куткаруучулар түнкү экиге чейин издеп таппай коюшкан. 2-3 саатка жетпей эле 23 жаштагы жигиттин тирүү табылгандыгы тууралуу маалымат келди. Жакындарынын кубанычтан жүрөгү жарылып кете жаздаса керек… Адам өмүрү баарынан кымбат эмеспи.

Оору… бул сөздү оозго да алгың келбейт. Айрыкча балдар аппаратка байланып, оор илдеттерге чалдыкканда кейип гана кетесиң. Бирок анын баарын жеңсе болот. Атургай аты жаман рак илдетин жеңгендер бар. Болгону үмүттү үзбөш керек. Рактан айыккан кыргызстандык балдар Жеңүүчүлөрдүн дүйнөлүк оюнуна катышат экен. Кандай жакшы кабар. Турнирдин алкагында балдар сууда сүзүү, жеңил атлетика, стол тенниси, шахмат, пневматикалык куралдан ок атуу, футбол боюнча жарышат. 

Дагы бир жакшы жаңылык. Нарындагы памирлик кыргыз Ширинбү Памирли көз жарды. Ымыркай айына жетпей ара төрөлүптүр, бирок эненин саламаттыгы канааттандырарлык экен. Ал эми бала Нарын облустук ооруканасынын ара төрөлгөн балдардын бөлүмүнө которулуптур. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду маекке чакырып, өлкөдөгү жол курулуштарын талкуулады. 

Жигит менен мырзанын айырмасын, балдардын жаш курагы боюнча кыргызча аталышын билчү белеңиз? Сөз байлыгыңызды өстүрүп, кеп казынасынан кичине болсо да бирдеме билип алайын десеңиз анда "Тибиртке" рубрикасын окуңуз. 

Ырчы Съездбек Искеналиев кечээ 38 жашка чыкты. 16 суурдун терисин жамынган баатыр атка конгон аткаруучу, актердун туулган күнүнө карата ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдадык. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.05 (сатып алуу) жана 68.27 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кырсыктан Кудай сактасын!

Бакыт каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0