Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргыздын кызыктай адаттары

Жазылуу
Кутман таң!

Кыргыз эли негизи эле өзгөчө анан кызыктай калкпыз. Шаан-шөкөттү, тойго барганды, баргандан кийин ал тойдун кандай болгонун сүйлөшкөндү, устуканга таарынганды абдан жакшы көрөбүз.

Кызыктай адаттарды айта берсек көп эле. Мисалы, тойго чакырбай койсо "баланча бизди эмнеге тоюна чакырган жок, ал эле, бул эле" деп көп сөз кылабыз. Чакырса "ии ушул тойлор тажатты, чакырбай койсо деле таарынмак эмеспиз, акча жокто биринин артынан бири сүйлөшүп алгандай той бере баштады го" деп аны да жактырбайбыз.

Кол чапканды качан үйрөнөбүз? Мейли концерт болобу же той болобу байкуш ырчы, бийчилер тердегенче ырдап биздин көңүлүбүздү көтөрүүгө аракет кылат. Бирок бүткөндөн кийин саналуу гана адамдар кол чаппаса башкасы көздүн кыйыгы менен гана карап коет. Ырчы, бийчилер бозоруп эле туруп калат. Эки колду өйдө кылбасак да алаканды чаап коюу өтө деле оор эмес го. Андан кыйын иштерди деле кылып атпайбызбы. Чет элдик ырчылар концерттерде "кол чаап коюңуздар" дегендерин уга элекмин. Биздин ырчылар болсо "кана жаштар барбы" деп, кол чаптырыш кандай гана аракеттерди жасабайт. Аларды деле буга көндүрүп бүттүк окшойт.

Эч бир шашпаган элбиз. Азыр элдин баары тойго саат үчкө десе деле жетиге келгенди, алтыга десе деле 7-8ге барганды адат кылып алыптыр. Той берчү кишилер да "ой бешке деп эле жазып кой, баары бир жетиге келишет" деп өздөрү дагы билет. Тамадалар андай графикти жаттап алышкан. Беш десе беште башталып кеткен тойлор Кыргызстанда өмүрү болгон эмес чыгаар.

Бергенди эмес алганды аябай жакшы көрөбүз. Бир жерде бекер тамак таратылып жатыптыр десе үйдөгү бала-бакыранын баарын сүйрөп алып, ачка калган немедей ошол жакка жөнөйбүз. Болбосо андай тамакты үйдөн деле жешет. Кокус дүкөндөр бир күн бекер товар таратат десе, дүкөндүн өзүн деле жүктөп кетип калсак керек.

Айта берсек кызыктай адаттарыбыз көп экен.

Эми кечээки жаңылыктардан учкай айта кетели.

Интернет колдонуучулар "аялдама" сөзүнүн "аярламага" алмашып калганына таң калып, кызыл чеке түшүп жаткан учуру. Мындан улам редакциянын кабарчысы президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен байланышып, сөздөрдүн эмнеге алмашып калганын сураштырып көрдү

Тирүү кезинде адамдын баркын билбей өлгөндөн кийин "аябай жакшы киши болчу" деп мактап калган адатыбыз бар. Өлкөгө эмгеги сиңип убагында көп иштерди жасаган улуу муундун өкүлдөрүнө анда-санда барып акыбалын сурап турсак жакшы болот эле. Дүйшөн Байдөбөтов айткандай, белек сыйлык эмес, башкысы адамга көңүл эле керек болуп калат тура. Кыргыз радиосуна көп иштерди жасап кеткен кумурскадай эмгекчил актер, радиорежиссер Турсун Уралиев да бул дүйнө менен кош айтышты. Анын ким экенин окурмандардын эсине салыш үчүн кабарчылар Уралиев тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту

Чемпион болуп келгиле. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарына катыша турчу спортчулар менен жолукту. Өлкө башчы спортчулар менен жүздөшкөнүнө кубанычта экендигин билдирип, аларга ийгилик каалады. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков встретился со спортивной делегацией КР
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился со спортивной делегацией КР - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился со спортивной делегацией КР

Көчмөндөр оюнуна коюлчу таштанды челектерге 2 миллион сомго чукул каражат кетет экен

© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХИзготовление мусорных контейнеров третьему Всемирному игр кочевников
Изготовление мусорных контейнеров третьему Всемирному игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Изготовление мусорных контейнеров третьему Всемирному игр кочевников

Коррупциядан кайсы орган миллиондорду өндүргөнүн бул жактагы тизмеден окуп алгыла.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.05 (сатып алуу) жана 68.25 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшылыктар көп болсун!

Бакыт каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0