Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15 Ооруга күлүп караган Салтанат Саматова...

© Фото / Азамат Кылычев Алып баруучу Салтанат Саматова кесиптеши менен. Архив
Алып баруучу Салтанат Саматова кесиптеши менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, алып баруучулардын чолпон жылдызы алыстарга кетти…

Эми Салтанат Саматованын элесин көгүлтүр экрандан издейбиз. Түндө узак оорудан улам алып баруучу үйүндө каза тапты. Көбү билсе керек, ал акыркы жети жылдан бери рак оорусу менен күрөшүп келген. Бул туурасында ЖМКга берген маектеринде ачык-айрым айтып, сыноого мүңкүрөп, чүнчүп кетпей дартка каршы күрөшкөн. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде "Рак деген сөз өлүм эмес. Мен бул оорудан коркпойм жана күрөшөм. Оорудан айыгуу өзүңө, жеке мамилеңе да көз каранды. Ошон үчүн багынбаш керек" деген. Баса, ал маекти өзүм алдым эле. Бир топ жакшы нерселерди айтып берген. Өзгөчө жолдошу тууралуу жылуу сөздөрдү айтып, ага ыраазы экендигин белгилечү. Эсте калганы "жакшы жигит болсо кыздар деле биринчи кадам жасашы керек" деген. Кийин айтканын маектин темасына алып чыксам аябай күлгөн. Ар дайым шайыр мүнөз, кесиптештерине мамилеси түз, суктана турчу айым эле… Алып баруучунун артында жолдошу менен мончоктой эки баласы калды.

Эми жаңылыктарга өтөлү!

ЖМКлар арасында Оштогу Барак эксклавы Өзбекстанга өтүп, ушундай эле тилке Кыргызстандын ээлигине бериле турганы боюнча сөз болууда. Өкмөт өзү эмне дейт?

Өткөн-кеткен турмуш эртеңкиңе сабак. Буга 90-жылдардагы күйөөсүн ашкана балкасы менен өлтүргөн келин, талап-тоноочулук менен жан баккан милиционердин былыктары мисал.

WhatsАpp мессенджериниңизде Momo келе элекпи? Аны көрсөңүз дароо блоктоп салыңыз. ИИМ көк китке окшош кооптуу оюн тууралуу коңгуроо кагууда.

Мэрдин айласын кетирген хакерлер. Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун Facebook тармагындагы расмий аккаунту талкаланып, адепсиз сөздөр жазылгандыгы тууралуу билдирүү муниципалитеттин социалдык баракчасына жарыяланды. Бирок бул кепти төгүндөгөн интернет колдонуучулар четтен чыкты.

Сөөк кымыз, гүл кымыз дегенди биринчи угушум. Шаакан Токтогул дал ушул улуттук суусундуктун аки-чүкүсү тууралуу кенен айтып берди.

Дүйнөлүк хиттер комузга салынганда… "Акак" ансамблинин солисттери Чолпон Мелисбекова менен Эламан Каныбеков кезектеги талантына күбө болуп коюңуз.

Ал ортодо Курман айтка карата 4 күн катары менен эс алуу сунушталды. Колдоого алынат деген ойдосузбу?

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.25 (сатып алуу) жана 69.20 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Туугандар, тирүүлүктө сыйлашалы! Урматым менен Гүлдана Талантбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0