Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15: Жүз жылы жашачудай, жүрөккө тапчы даба...

© REUTERS / Jose Luis GonzalezПоследствия землетрясения в Техасе
Последствия землетрясения в Техасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Ал-жайыңыз кандай, түндөн түгөл чыктыңызбы?

Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашачудай,
Жүрөккө тапчы даба.

Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа,
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.

Бүгүнкү бурадарды белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын ушундай ыр саптары менен баштагым келди. Муну ырчылар обонго салып аткарганда балким жакшы аңдаган эместирбиз. Азыркы тапта катуу таасир берип жатат. Бири-бирибизге жакшы сөз айтуудан аянбайлы, болбогон бир майда нерсе үчүн көңүл калтырышпайлы. Аз күндүк өмүрдө сыйлашып өтөлүчү. Бүгүн көргөнүң эртең жок экенине күбө болуп жатабыз го.

Кечээги күнүбүз суук кабар менен башталып, суук кабар менен аяктады. Эртең менен Кыргызстанга белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова узакка созулган оорудан улам көз жумганын уктук. Ал 46 жашта эле, артында эки баласы калды. Алып баруучунун сөөгү бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Ал эми жумуш аяктап үйгө кайтайын деп турганда белгилүү экономист, коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев 64 жашында дүйнө салганы айтылды. Ал үч уул, бир кыздын атасы болчу.

Каргашадан чет жактагы мекендештерибиз да оолак боло алышпаптыр. Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык жигиттер башка улуттун өкүлдөрү менен болгон массалык мушташтан бири ок жеп, экинчиси бычакталыптыр. Ок жеген мекендеш жан таслим болгон. Сөөгү бүгүн-эртең мекенине алып келинет.

Кечээ Жогорку сотто Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып, 29-августка чейин камакта калтырылды. Сот жыйынына катышкан экс-мэрдин апасы Бүажар Алиева көзүнө жаш алып баласын камактан чыгарууну суранды

"Ак кеме" тасмасындагы таберик сүрөт. Режиссер Болот Шамшиев, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, актриса Айтурган Темирова жана кичинекей Нургазы Сыдыгалиевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көлдө тартылган

© Sputnik / Александр ФелоровСъемки фильма "Белый пароход" Болота Шамшиева
Съемки фильма Белый пароход Болота Шамшиева - Sputnik Кыргызстан
Съемки фильма "Белый пароход" Болота Шамшиева

Акын, жазуучу, драматург Зуура Сооронбаева кыргыз адабиятындагы аял жазуучулардын көч башында турат. Азыркыга чейин окурмандардын колунан түшпөгөн "Чоочун киши", "Астра гүлү" сыяктуу белгилүү чыгармалардын автору көзү тирүү болгондо кечээ 94 жашка чыкмак. Улуттук адабиятыбызда өчпөс из калтырган Кыргыз эл жазуучусу тууралуу 7 факты.

Аталык мээрим менен жоокерге тамак сунган Сооронбай Жээнбеков. Өлкө башчы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №2027 аскер бөлүгүнүн "Шамалды-Сай" чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземине катышып, жоокерлер менен бир дасторкондо отуруп тамак ичти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Ошскую и Жалал-Абадскую область
Рабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Ошскую и Жалал-Абадскую область - Sputnik Кыргызстан
Рабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Ошскую и Жалал-Абадскую область

Бейшембиге карата аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.40 (сатып алуу) жана 69.63 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы сөз айтчы мага!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0