Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бала саткан дарыгер, чириген түйүлдүк

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОткрытие Лечебно-реабилитационного комплекса №2 в Санкт-Петербурге
Открытие Лечебно-реабилитационного комплекса №2 в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күн сууктап баштады, кыштын камын көрөлү.

Август аяктаары менен бетти муздак шамал аймалап, күндүн илеби дароо кайтты. Айрыкча эртең мененки сууктан тургуң келбейт. Балдарды бакчага алып барыш керек, аларды таттуу уйкусунан айла жок ойготосуң. Ушундай учурда көз алдыма балалыгым, ата-энем келип кетет. Кыш. Айыл. Апам менен атам таң атпай туруп уюн саап, малын жайлап коюп келип бизди ойготушат. Аларга эркелеп "азырлап" атып араң көздү ачмай. Раматылык атам баарыбызды бетибизден өөп ойготоор эле. Ал ортодо апам ысык чайын даярдап, беш баланын камын көрүп жүргөн болот. Эх, балалык, кандай сонун учур. Кокус алтын балык кармап алсам "балалык күндөрүмө бир алып барып келчи" деп суранаар элем.

Суук демекчи, кыштын камын эртерээк көрүп, отун-сууну күн жылууда белендеп алгыла деп апам бизге баскан-турган сайын айтып атат. Айрыкча жер тамда жашагандар көмүрдү азыр алып албасак бир кар жааса эле кымбаттап кетерин "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы да эскертти. Мисалы, азыр бир тоннасы 3000 сомго сатылып жаткан Кара-Кече көмүрү кар жааса 4000 сомго чейин жогорулап кетет экен. "Койчунун кызы кой келгенде иш кылат" болуп кыргыздар так кар жааган күнү кышка даярданып баштачу эле.

Владимир Путин менен Си Цзиньпин икра менен куймак жасаган видеосу жарыяланды. Путин куймак куюп жатып кытай башчысынын жөндөмдүүлүгүн белгилеген

Эсиңиздерде болсо мындан эки-үч жыл мурун эле күз, жаз мезгили келери менен митингдер дагы башталчу. Азыр элибиз "андан пайда жок" деп калдыбы, айтор, ырас бул "салт" басаңдады. Саясаттагы "аба ырайына" саресеп салып, кабарчыбыз Бакыт Толканов Кыргызстанда сентябрь-ноябрь ичинде кандай окуялар күтүлөт деген суроо менен серепчилерге кайрылды

2017-жылдын 6-ноябрында Көк-Жар айылындагы өз үйүндө киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үчүнчү киши окуя кандайча болгонун айтып берди

Эскини эске салып, залкарларды унутта калтырбаган "Таберик сүрөт" рубрикасына бул ирет "Ак илбирстин тукуму" тасмасына тартылган Марат Жанталиевдин жаш кезиндеги, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган сүрөтүн жарыяланды

© Фото / Александр ФедоровФильм "Потомок белого барса"
Фильм Потомок белого барса  - Sputnik Кыргызстан
Фильм "Потомок белого барса"

Жакшы жаңылык. Октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер менен медайымдардын айлыгы көбөйө турганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында айтты

Издөө. Бишкекте 17 жаштагы Кенжегүл Нарынбек кызы жоголуп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын туугандары билдирди. Туугандарынын айтымында, Кенжегүл 31-августта, Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган концертти көрүү үчүн "Ала-Тоо" аянтына кетиптир.

Баса,  жаңы төрөлгөн балдарды саткан акушер-дарыгерлер тууралуу материалды да окуй кеткиле. Бирөөгө кор, бирөө зар бала деген ушул да.

Бүгүн өлкөдө күн ачык эле болот экен. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.47 (сатып алуу) жана 69.76 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет!

Бакыт каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0