Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мени келесоо деген депутат анда өзү ким?

Жазылуу
Кутман таң замандаш! Жакшы эс алдыңызбы?

Биздин дем алыш күнүбүз түрдүү окуялар менен коштолду. Эгер бул күндөрү интернеттин бетин ачууга убактыңыз болбой жаңылыктардан артта калсаңыз азыр четинен тизмектеп берейин. Ишемби күнү бир атка минердин "жылдызы" жанды. Айтайын дегеним Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Кореянын борбору Сеулда чуу салыптыр. Ал иш сапары менен барып мас болуп калган экен. Анан өзүн кармай албай учактын ичинде жаңжал салып анын айынан авиа каттам эки саатка кармалыптыр.

Натыйжада ал учактан түшүрүлүп эс алып соолуккандан кийин окуянын эртеси башка учак менен Бишкекке кеткени кабарланды.

Бул жолкусунда кыргыз өкмөтү атка минердин жоругуна унчукпай койгон жок дароо аны ээлеген кызматынан бошотту. Бул окуя кандайча болуп кеткенин, чын эле мас болдубу же башка себеби барбы белгисиз… Алдыда Каденованын да пикирин билүүгө аракет кылабыз.

Эми дагы бир окуяны айтып берейин. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кандай адам экенимди бетиме айтты. Көрсө мен "келесоо" экенимди билбей эле жүрө бериптирмин.

Буга чейин кесиптешим Нурис Алымбаев Икрамовдун айдоочусу менен жол инспекторлору жаңжалдашып жатканын видеого тартып алган. Ошол учурда анын жанжөкөрлөрү кесиптешиме тап берип, атырылып телефонун тартып алууга аракет кылган. Ал тургай инспекторду да жулкулдатып теңине алган эмес. Ал видео сайтка жарыяланган. Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы эл өкүлү кандай автоунаа менен ишке келет деген видео тартып, депутат Икрамов терезеси караңгылатылган дал ушул автоунаадан түшкөн болчу. Андыктан ошол кадрды да кошуп көрсөткөнбүз. Эмнегедир бул депутатка жакпай калыптыр. Кечеээ телефон чалып айдоочусуна чара көрөбү же жокпу деп билейин десем ачуусун кармай албай мени "келесоо" деп жиберди.

Бирок депутатка мындай сөз айтуу жарашпай турганын эскерткенде "Келесоо болсоңор келесоо деп сүйлөйм да. Эмнеге антип сүйлөбөйт экенмин!" деп өчүрүп койду. Макул эл өз баасын берсин!

Муну Facebook баракчама жарыялап койсом айрымдары депутатты сөксө, тарапташтары (балким жакындары) мени сөктү. Ал арада атайын депутатты каралап жатасыңар дегендер да болду. Айрымдары "силер депутат менен башында соодалашып, ал көнбөй койгондо каралап баштадыңар" дешти. Аны менен соодалашмак тургай араң байланышып үнүн уга алдык. Эмнеси болсо да аманчылык эле болсун!

Соңунда Бишкектин тургундары жана ЖК депутаттары кыргыз тилин канчалык билет? Кесиптештеримдин Мамлекеттик тил күнүнө карата жүргүзгөн сурамжылоосун көрүп коюңуздар.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.00 (сатып алуу) жана 69.31 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.20 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыргыздын акыны Байдылда Сарногоевдин төрт сап ыры менен жыйынтыктагым келди.

Ал мени "итсиң" деди, итмин дедим,
Жөн гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам ырылдашып, чырылдашып,
Мен анын ит экенин билип туруп.

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0