Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жумуш менен жүрүп үй-бүлөнү да унутпасак...

© Sputnik / Табылды КадырбековКызы менен ойноп жаткан адам. Архив
Кызы менен ойноп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жумалык эмгек өргүү аяктады, эми жакшылап иштейин.

Көздөн учкан Ош. Негизи эс алуунун бир жумасын түштүк жергесинде өткөрүүнү пландагам. Себеби Ош мени бир барганда эле арбап алган. Жумушка байланыштуу эртең менен учуп барып, кечинде кайра келип калгам. Кыскасы кооздугуна суктанууга убакыт жеткен эмес.

Анткен менен эмгек өргүү учурунда үй-бүлөм эң сонун күндөрдү тартуулады. Быйыл Кудайдын буйругу менен үйдө эки кичинекей наристе жарыкка келген. Ага кошулуп эжемдин бир жаштагы кызы бар. Ошол бөбөктөрдүн өнөрү чыгып, кыткылыктап күлүп, ата-энемди кубантып калганын байкабай калыпмын. Көрсө жумуш деп жүрө берип анча-мынча нерсени унутуп коет экенбиз. Ошентип эки жумам бала-чаканы дарыгерлерге текшертип, энелерине каралашуу менен өтүп кетти.

Ал ортодо уюлдук телефонумду жоготуп ийдим. Ош базарындагы дарыканалардын биринде дары-дармек алып жатып эле телефонду кайда койгонумду билбей, сыйпалап калдым. Телефон табылат деңизчи, ансыз деле жаңысын алып беришти. Бирок ичиндеги сүрөттөр, смс жазышуулар, керектүү маалыматтар үчүн ичим ачышып калды. Ал деле табылат, апам айткандай башкысы "аман бололу".

Эми маалыматтарга өтөлү!

Саясат темирдей кызып жаткан учур. Тагыраагы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын чуусунун артынан өлкөнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды ээрден шыпыруу каралып жатыптыр.

Ал эми аталган министрликтин дагы бир өкүлү Лунара Мамытова командировкага мыйзамсыз чыкканы боюнча айтылган. Бирок министрлик аны төгүндөдү. Ошентсе да, Башкы прокуратура аталган ведомствонун жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү дипломатиялык паспортторун мыйзамсыз колдонгону аныкталганын жар салды.

Мындан улам редакция мыйзамга көз жүгүртүп, дипломатиялык паспорт деген эмне, ал кимдерге берилерин жана кандай максатта колдонуларын тактап көрдү.

Жээнбеков БУУнун баш катчысы менен жолукту. Эмне тууралуу сөз болду деп ойлойсуз?

Өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 25 жыл ичинде кандай кадрдык ката кетиргенин айтып, агынан жарылды.

Мыйзам чыгарган депутаттардын көбү кайсы окуу жайдан, кандай адистикти алып чыккандыгына кызыккандар үчүн жакшы инфографика бар.

Депутаттардын уулдары кыйын чыкты! Өткөндө бири күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду эле, эми дагы бири АКШнын хоккей командасынын негизги курамында ойной баштады. Жаш спортчу Нуртемир депутат Алтынбек Сулаймановдун уулу.

Ден соолук туураалуу лонгрид даярдадык. Морфин алып, ачуу дарт менен күрөшкөн кыргызстандыктар тууралуу окуңуз.

Бүгүнкү күндүн аба-ырайы менен таанышып алыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.03 (сатып алуу) жана 69.31 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Жакшы күн каалап Гүлдана Талантбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0