Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Уулун ичке тепкен ата мамлекетти доого жыгам деп

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСот залындагы адам. Архив
Сот залындагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Күнүңүз жемиштүү болсун!

Кыргызстан чакан өлкө кичине эле бир нерсе кылба баары билинип калат. Башкача айтканда берки башынан кыйкырсаң аркы тарабына жете түшөт. Анын үстүнө социалдык тармактардын пайда болушу бизди тим эле жыргатты. Мурда бир окуя болсо өз айылынан сыртка чыкчу эмес. Азыр видеого тартылып эле калган болсо бүт жакка тарайт. Анан интернеттин "акылдуулары", "баатырлары" башка-көзгө койгулап талкуулап калышат. Акырындык менен эл "эмне дейт" деген стереотип талкаланып анын ордун "Интернетке чыгып кетпе" деген сөз алды окшойт. Андыктан аңдыган коңшуларга шерменде болбой эсибиз барда этегибизди жыйып элпек бололу. Ошоо… Болду эми көп эле акылдуусуна бербей ишимди кылайын.

Кеттик анда, кечээ кандай жаңылыктар менен коштолгонуна көз чаптыралы. Өзүнүн уулун ичке тепкен киши эсиңердеби? Төбө чачты тик тургузган жоругу менен элге таанылган киши Мамлекеттик каттоо кызматынан 1 миллион 356 миң 500 сом талап кылып жатат. Себебин бул жактан түшүнө аласыздар.

Соцтармакты дүрбөткөн Зууракан Каденованын окуясы иликтенет. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан менен ТИМдин билдирүүсүн иликтөөнү тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков жана Дональд Трамптын жан шерик жубайлары менен түшкөн сүрөтү. Өлкө башчы АКШнын Нью-Йорк шаарына барып, БУУнун 73-сессиясына катышкан. Ал эми кайра кайтканда катардагы каттам менен учуп келгени белгилүү болду. Ажону учакта кезиктирип калган кыргызстандыктар аны менен сүрөткө түшкөн.

Жээнбеков Нью-Йорктон эрте менен келип эле түштөн кийин кайра Душанбеге жөнөп кетти. Түндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан.

Президент демекчи, абакта жаткан экс-депутат Өмүрбек Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тарткан экен. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов менен кесиптешим Айтурган Сатиева маектешти.

Союз маалында Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында 18 миңдей тургун жашап келген. Азыр болсо 3600дөй адам түтүн булатат. Миң-Куштун азыркы абалын көрүп коюңуз.

Жумушка орношууда, ооруканага барганда, сотко кайрылууда, айтор, кайсы мамлекеттик органга барба сөзсүз түрдө кандайдыр бир кагазды толтурууга туура келет. Документтердин кыргызча аталышын билип алыңыз.

Чын эле согуш талаасында жүргөндөй. Ысык-Көлдөгү аскердик машыгуудан 20 сүрөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.01 (сатып алуу) жана 69.33 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.20 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жылдызыбыз жакшы тарабынан жансын!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0