Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бизди кудай чоң сактады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАэропорттору учак. Архив
Аэропорттору учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, туугандар!

Кырсык каш-кабактын ортосу демекчи, азыр унаага, маршурткага, учакка отургандан, ал тургай жөө жүргөндөн коркуп калдык. Ар кандай кырсыктар тууралуу жаңылык жазып жатып жүрөк бошогондон бошоп баратат.

Кечээ, 30-сентябрда, Оштогу учак жүргүнчүлөрүн да кудай сактады. Анда Оштон Москва шаарына учканы жаткан Boeing 737 учагы кайра кайрылууга мажбур болду. Анткени учуп-конуу тилкесине чыгайын деген маалда дөңгөлөгү жарылып, резинасы жешилип кеткен. Дагы жакшы аны абага көтөрүлө электе учкучтар убагында байкап калыптыр.

Жүргүнчүлөр болсо Москвага 9 сааттан кийин учуп кетишти.

Апта соңунда Sputnik агенттигине ар тармактын өкүлдөрү менен болгон кызыктуу маектер чыгат. Россияга алгач мигрант катары барып, андан кийин кино чөйрөсүнө аралашып кеткен актер Чыңгыз Калбердиев менен кабарчыбыз Эламан Кармышаков кызыктуу маек курган.

Кыргызстандык WEF уюмунун турниринде мушкерлерди октагон ичинде тескеген орто курактагы сүрдүү жана олбурлуу кишини көрүп жүрсөңүздөр керек. Ошол рефери Мирбек Буларкиев кабарчы кызыбыз Гүлдана Талантбековага эрежесиз эр урушта калыстык кылуудагы жоопкерчилик жана иш учурунда сүйүнткөн, өкүнткөн учурлары тууралуу төгүлүп айтып берген.

"Керемет көч" долбоорун билбеген бала, ал тургай чоңдор жок болсо керек. Дал ушул мультфильмде Акылайды сүйлөткөн Адеми Кулмамбетова Sputnik Кыргызстан агенттигинин коногу болду. Баса, ал белгилүү режиссер Жаныш Кулмамбетовдун кызы экен.

Архивди казып, эскини эске салган Мирбек Сакенов бул ирет дээрлик бир кылым мурда издөөгө алынган кылмышкерлердин сүрөтүн тааптыр.

Париждин көчөлөрүн кыдырган килейген баатырлардын видеосун көрдүңүздөрбү? Көлөмдүү жигиттердин видеосу Instagram социалдык тармагына жарыяланган.

Социологдор кайсы тармакта иштегендер үй-бүлөгө туруктуу болорун аныкташыптыр. Макаланы окугандар кантип эле деп отурса керек. Окуй электерге кызык эле болуп жаткандыр.

Социологдор эмне десе да кайсы кесиптин ээси болбосун баары сүйүүгө да, үй-бүлөгө да туруктуу болсун!

Апта ичинде аба ырайы кандай болоорун да билип алыңыздар.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.64 (сатып алуу) жана 68.97 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.20 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Оору менен кырсыктан сак бололу!

Эсенчилик тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0