Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чоң атанын кара бодур небереси

© Sputnik / Табылды КадырбековНарод Кыргызстана в объективе фотографа: Иссык-Кульская область
Народ Кыргызстана в объективе фотографа: Иссык-Кульская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, достор!

Карысы бардын ырысы бар. Кечээ карылардын эл аралык күнү белгиленди. Ак сакалчан аталарды көрсөм эле чоң атамды эстеп жанына барып, колун кармап, кучактап жыттап алгым келет. Мен анын эрке небереси элем. Кичинемде капкара кыз болгондуктан мени ал "кара бодурум" деп айтчу. Бирок анда мен "бодур" деген сөздүн маанисин деле түшүнчү эмесмин. Кийин сөздүктөн карасам бодур деген сөз "адыр, кичинекей тоо" дегенди түшүндүрөт экен. Шаардагы кыздарына барып калса "бодур кызымды сагындым, бодур кызыма бирдеме ала барайын" деп эле турчу экен же алар бодур кызы ким экенин билишпейт. Кийин чоң атамдын көзү өткөндө кыздары мени көпкө чейин "кара бодур" деп тамашалап айтып жүрүштү.

Улуулар аман болсун, азыр да кайненемдин неберелерин эркелетип, аларга өзгөчө мээрим төккөнүн көрүп ата-энеден да чоң эне, чоң ата балага жакын болот экен деп ойлоп коем.

91 жашка чыкса да карылыкка моюн сунбай операция жасап, бейтаптарды айыктырып келген хирург Мамбет Мамакеев кечээ 91 жашка чыкты. Ал өмүрүнүн 68 жылын бейтаптарга арнап, 30 миңге чукул уникалдуу операцияны ишке ашырыптыр. Алтын колдуу дарыгердин операция учурундагы видеосун бул жактан көрүңүздөр.

Кароосуз калган карыларды караган 70 жаштагы чыйрак кемпирдин жашоосун да видеодон көрө аласыңар. Жаш курагына карабай ал ыктыярчы экен.

Жол кырсыктары качан азаят. Кечээ Бишкекте маршрутка ЖКККББ инспекторун сүзүп кетип, милиция кызматкери ооруканага жаткан. Көрсө ал жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдан окуучуларды өткөрөм деп жолдун ортосуна чыга калыптыр.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу жана маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

© REUTERS / Toby MelvilleОлень в Ричмонд-парке
Олень в Ричмонд-парке - Sputnik Кыргызстан
Олень в Ричмонд-парке

Таласта дыйкандар төө буурчактын баасы төмөндөп жатканын айтып арызданышууда. Себебин кабарчылар билип көрдү.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.65 (сатып алуу) жана 68.95 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.20 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Улууга урмат, кичүүгө ызаат!

Эсенчилик тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0