Амансызбы бурадар? Өлкөдө 10:15. Сарпашевдин уйкусу бузулдубу?..

© Sputnik / Эмиль СадыровГорный хребет на границе Иссык-Кульской и Нарынской областей
Горный хребет на границе Иссык-Кульской и Нарынской областей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш күндүн башталышы абдан кызыктуу жана көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп алган күн болду.

Атап айтканда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги качан, каякка барганы тууралуу Башкы прокуратура расмий маалымат таратты. Эми бул министрликти жетектегендердин барган мамлекеттерин санасаң колдун манжасы жетпейт.

Дагы бир саясий жактан алганда маанилүү болгон кабарга дагы чекит коюлду окшойт. Кайсы саясий окуя деп жатсаңыз керек, ээ? КСДПнын саясий кеңешинин депутат Кожобек Рыспаевди фракциянын катарынан чыгаруу чечимин аталган фракция колдогон жок. Ошентип эл өкүлү партиянын катарынан чыгарылганы менен фракцияда кала берди.

Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иш кайтадан жандандырылды. Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турганда мекеменин башка кызматкерлери менен чогуу кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Учурунда вице-премьерликке чейин көтөрүлгөн бул аткаминерге козголгон кылмыш иши эмне менен аяктарын күтүп туралы.

Эми шыктандыра турчу маалыматтар менен да бөлүшө кетейин. Элестетсеңиз, бир мелдештен 18 медаль менен кайтып келет деген кандай сонун. Москвадагы кыргыздар панкратион боюнча дүйнөлүк биринчиликтен байгелүү келишти. Жаштарыбыз дайыма эле сергек жашоо мүнөзүн тандап, спорт менен машыксын деп тилек кылалы.

Ии баса, Кыргызстандагы ири ишканалар кайсылар жана аларды кимдер башкарарына кызыктыңыз беле? Ачыгын айтканда дал ушул кишилердин чечиминен, ишке болгон көз карашынан, алдыны көрө билгендигинен көп нерсе көз каранды. Тактап айтканда миңдеген кишилердин тагдыры да ушулардын колунда. Анда эмесе өлкөдөгү чоң компанияларды жетектеген боссторду таанып алгыла.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.21 (сатып алуу) жана 69.49 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Ар бирибиздин маанайыбызды көтөргөн учурлар көп болсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0