Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Милиция жоголгон телефондорду эмнеге таппай калат

© Sputnik / Нурис АлымбаевРейд по выявлению несовершеннолетних в ночное время в компьютерных клубах в Бишкеке
Рейд по выявлению несовершеннолетних в ночное время в компьютерных клубах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, достор!

Сандыкка каткан жылуу кийимдерди алып чыгып, акырындык менен кышка даярданалы. Эртең менен көзүбүздү ачып, терезенин ар жагы аппак болуп калганын көрчү күн жакындап калды окшойт.

Үшүк тууралуу. 13-14-октябрда Кыргызстанда үшүк жүрүп, абанын температурасы —1…-3 градуска түшөт экен.

Жоголгон телефон тууралуу. Чөнтөкчүлөр жылдын кайсы мезгили болбосун көнгөн адатын таштабайт көрүнөт. 2018-жылдын январь-июнь айларында эле Бишкек шаарында чөнтөк уурусу менен 586 адам катталса, аны 306сында уюлдук телефондорго байланыштуу кылмыш иши козголгон. Журналист Гүлдана Талантбекова укук коргоо органынын өкүлүнөн телефон жоголгон кезде кандай аракеттерди көрүү керектигин сурап көрдү. Окуп коюңуз, зыяны тийбейт.

Милиция тууралуу. Укук коргоочу демекчи, борбор калаадагы көңүл ачуучу борборлордун бирине келген адамга ок чыгарган Бишкек ШИИБинин Криминалдык милиция кызматынын өкүлү менен анын жетекчиси иштен алынды. Экөөнөн тышкары, бир нече милиционерге тиешелүү чаралар көрүлдү.

Киши колдуу болгон сулуу тууралуу. Ушул жылдын сентябрь айынын аягында Багдадда мурда "Ирак сулуусу"наамын алган Тара Фарести аттуу келин киши колдуу болгон. Шаршемби күнү интернетте аны өз машинасынан атып кеткен учурдун видеосу тарады

© YouTube/ BÜLENT YAĞMAHANМомент убийства бывшей "Мисс Ирак" попал на видео
Момент убийства бывшей Мисс Ирак попал на видео - Sputnik Кыргызстан
Момент убийства бывшей "Мисс Ирак" попал на видео

Хабиб тууралуу. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун президенти Дана Уайт ага чемпиондук курду бербей койгондо "унаасын талкалап салмакмын" деп "коркутту". Спортчу өзүнүн Instagram баракчасына Уайт унаасын кайда токтоторуна чейин билерин жазган.

VIP унаалар тууралуу. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров парламентте Ошко барган өкмөттүн өкүлдөрүн жергиликтүү бийлик ижарага автоунаа жалдап тосуп, кымбат кафе-ресторандарга карызга батып коноктой турганын айткан. Чоңдор үчүн чын эле "крутой" унаалар жалданар-жалданбасына кесиптешим Расул Үсөналиев кызыгып көрдү

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.35 (сатып алуу) жана 69.40 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күнүбүз ийгиликтүү өтсүн!

Аманчылык тилеп, Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0