Амансызбы бурадар? Өлкөдө 10:15. Кам санабагыла, күз ушуну менен бүтүп калбайт

© Sputnik / Асель АкматалиеваСнегопад в Бишкеке
Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутмат таң, достор!

Октябрдын так ортосунда кар түшүп, бир аз чыйрыгып турган кезибиз. Бирок синоптиктер жуманын аягында күн жылый турганын айтышты. Андыктан дагы бир азга күздүн жылуу күндөрү менен ырахаттанып алсак болот экен.

Россиядан кабар. Мындан тышкары көңүлдү жылыта турган дагы бир кабар бар. 2018-жылдын ноябрь айынан тарта Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктар "кара тизмеден" чыгарылат. Шарттары тууралуу кененирээк окуп алыңыз.

Ал ортодо Бишкек мэри калааны кантип гүлдөтсө болорун кеп салды. Маанайынан байкасак, жаңы шаар башчы саясаттан оолак болууну чечкендей көрүнөт. Негизгиси шаардыктар ыраазы болгудай жан дили менен иштеп берсе болгону да. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМэр Бишкека Азиз Суракматов
Мэр Бишкека Азиз Суракматов - Sputnik Кыргызстан
Мэр Бишкека Азиз Суракматов

Аңга түшкөн авиация. Ал эми саясат курчуп келе жаткан Жогорку Кеңеште кечээ депутаттар тиешелүү органдардын өкүлдөрүн чакырып алып мышык ыйлачу абалга жеткен авиация тармагын талкуулашты. Ал жерде Танспорт жана жолдор министри Бишкекте учак билеттери Алматыга салыштырмагуу эмнеге кымбат экенин түшүндүрүп берди

Президенттин учагы. Ошол эле жыйында депутат Таабалды Тиллаев өлкө башчысы учуп жүргөн учактын  эскилиги жеткенин айтып, Кытай менен Араб өлкөлөрүнөн достук мамиленин негизинде жаңы лайнер сурап көрүүнү сунуштады

Чыгармачыл чачтарач. Бишкектик чачтарач Умар Мажитов бала чагында сүрөтчү болууну кыялданган. Бирок жашоо шартына байланыштуу кол жеткен кесипти аркалап калган. Анткен менен чыгармачылык жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, бүгүн өзгөчө сүрөттөрдү тартып келет.  Жакында ал иштеген чачтарачка кабарчыбыз Эламан Карымшаков баш багып, талантына күбө болуп кайтты

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.50 (сатып алуу) жана 69.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сыртка кыш келсе мейли, негизгиси жан дүйнөбүз муздабасын!

Аманчылык тилеп, Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0