Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Өз тоюнда сабалган күйөө бала

Жазылуу
Негизи кыргызда чырдын баары тойдон чыгат. Устукан тартуудан башталган айрым чырлар кээде бет карашпай калган учурларга чейин жеткирет. Жаман айтпай жакшы жок дегендей, мындай чырлар бизде, сизде жок болсун.

Той деп калгандан кийин мындай жакшылыктар азыр тамадасыз өтпөйт. Дал ушул тамадалар ким чектен чыгып баратат, ким көп сүйлөп жатат, кимиси туура эмес сүйлөп жатканын башкаларга караганда жакшы баамдап турат. Анан калса булар көптөгөн кызыктуу, кээде адаттан тыш окуяларга туш болот. Эл оозуна алынып калган тамада Санжар Мыкыев өз тоюнда сабалган күйөө баланын окуясын айтып берди.

Той тою менен, бирок жолдогу коопсуздукту айдоочудан баштап жөө кишилерге чейин баары сакташы керек. Айтайын дегеним, айрым жөө адамдар жолдон өтүп баратканда ушундай бир жайылып, жайкалып басат дейсиң… Кээде сөз да жетпейт. Айласы кеткен айдоочу сигналды улам-улам басып шаштысы кетет. Ай, байболгурлар, ден соолук, өмүр деген ар бирибизге керек. Өмүрүңөрдү тобокелге салбай кудай берген бут тургандан кийин ылдам эле басып өтүп кетсеңер.

Ар бир кишинин өмүрү узун болсун деп тилейли. Бирок кээ бир кишилер картайбайт. Чын айтам, картайбайт. Анын түрдүү себептери бар. Мына ошондойлордун бири 21 жаштагы Элдосбек. Аны эч ким жыйырмадан ашты деп ойлойбойт. Ашып кетсе 5-класстын окуучусу дейсиз.

© Фото / Алмаз кызы Диана21-летний Элдосбек Алмаз уулу
21-летний Элдосбек Алмаз уулу - Sputnik Кыргызстан
21-летний Элдосбек Алмаз уулу

Ии, баса, бир жума суук болуп үшүй түштүк эле. Айрымдарыбыз сандыкка салган кышкы кийимдерди шаша-буша алып чыгып кийип калдык. Эми ошол сандыктан алган кийимдерди кайра бир жума сала турат окшойбуз. Эмнеге деп жатасызбы? Анткени бул жума күн 20 градуска чейин ысыйт.

Эстен чыгып кете электе силерге дагы эстетип коёюнчу. Баарыбызга география сабагынан берген мугалим Индияны картадан "уйдун эмчегиндей болуп турат" деп үйрөтсө керек. Мына ошол уйларды урматтаган элдин премьери Нарендра Моди кыргызстандык ырчыларда мактады. Алардын клибин өзүнүн Twitter баракчасынан бөлүштү.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.27 (сатып алуу) жана 69.56 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бардыгыбызды бир гана жакшылык жандап, бакыт-таалай коштоп жүрсүн. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0