Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ушул он нерсе таң атпай кыжырга тиет да!

Жазылуу
Табиятынан эле "торгой" болуп таң атпай турбаса, элдин көбү таттуу уйкуга балкыганды сүйөт. Мунун айынан айрымдар көздү ача элек жатып кыжырданып, итатайы тутулуп, айланадагыларды зекип ийишет.

Бул нерселер жаныңызды кашайтышы ыктымал.

1. Саат. Сонун уйкуда жатып, өзгөчө укмуш түштүн аягына чыгайын деп калганда, саат чырылдаганда… Эми сүйүктүү ырчыңдын коңгуроосу чакырып же ойгонууң менен романтикалуу музыка төп келип эле калбаса, будильникти дубалга жабыштырып салгың келет. Болбосо аны түндө "эрте турам, тигил ишти бүтүрөм, антем, минтем" деп өзүң койгонсуң.

2. Кийим таппай калганда… Көздү ушалай тура калганда шымыңды же үстүңкү кийимиңди таппай кыжалат болосуң. Байпактарың түйүлүп эки жакка футбол ойноп кеткен болот. Аны тезек тергендей издейсиң. Түндө үтүктөлбөй же жуулбай калган кийимдер болсо, ачуу тарагыча бир топ бар.

3. Муздак пол. Өзгөчө кышында карыш жерге баса коем десең, полдун муздагы мээге чак эте түшөт. Айтор уйкулуу жаның өзүңө келе түшөт. Эринбей тапичкени же байпакты кие калсак болот да, жок дароо эле ажатканага жөнөш керек.

4. Кезеги көп ажаткана. Эгер чоң үй-бүлөдө же жатаканада жашасаңыз маселени түшүнгөн болосуз. Өзгөчө заманаң куурулуп, бир жагынан ишке шашып жатсаң, ажаткананын каалгасын жулуп ийгиң келет.

5. Жуунбай калганда… Жок, бети-колду го сөзсүз жууйсуң. Кээде дене-башты чайкап, чачыңды шампундап алгың келет. Жетишпей калганда сыртка уруп кетесиң да, кеч киргенге чейин денең оорлошуп кыжылат боло бересиң. Айтор, маанайың түшөт.

6. Ашканадагы тамактын калдыктары. Түндө бирөө-жарым чарчап келип шам-шум этип, анан эртең менен жыйнап коюшар десе керек. Уйкудан араң турган жаның көмкөрүлгөн идиштер менен төгүлүп-чачылган тамак-ашты көргөндө итатайың тутулуп кетет.

7. Чай кайнап, тамак ысымайы тозок! Болбосо таң атпай жүрөккө эч нерсе деле баспайт, ошентсе да жумуштан алаксыбайын деп ашказанды жылытып алгың келет. Какаганга муштаган болуп, кээде чайнек менен мискей ысыбай, мешке от жагып жаткандай эле болосуң.

8. Транспорт. Зарыктырып күткөн маршурткага түшсөң ийиндей түртүшмөй, бут тебелемей башталат. Таксидеги сүйлөөк айдоочуга да түшсөң балээ, адатта шашып жатканда эч кимди уккуң келбейт калат эмеспи.

9. Адамдар. Кээде айланадагы бардык нерсе, атургай кесиптешиңдин да, досуңдун да сүйлөгөнүн жактырбай, кабагың чытылып калат. Өзгөчө "уктадың беле, көзүң шишип калыптыр" дегендер жакпайт. Адамды сүйбөй турганда капа кылып аламбы деп коркосуң.

10. Чалуулар, каттар. Таң эрте шашып саатты же аба-ырайын карайын деп интернетти жандырсаң, телефон бир саамга катый түшөт. Өрт чыгып, топон суу каптап, жардамга муктаж болуп жатышат го деп шаша-буша ача калсаң, таанышуу каттары же иш убактысы эбак бүткөндөн кийинки кайрылуу.

Кой эми, көп кыжырдана бербей маалыматка өтөлү.

Бишкек шаарына үй курган компаниялар жаңы батирлерди кандай баада сатып жатат, акчасын канча мөөнөткө узартып төлөөгө болот, үйлүү болгондон кийин дароо эле кире аласызбы? Биз бул суроолорго жооп издеп, бюджетке эң көп салык төлөгөн компанияларга чалып, маалымат топтодук.

Өмүрүндө бир да жолу ооруканага баш бакпаган киши азыр өтө сейрек болуш керек. Ак халатчандардын тилиндеги бир топ термин жөнөкөй кыргыз үчүн түшүнүксүз. Ошол себептен айрым медициналык сөздөрдүн кыргызча маани-маңызын тизмектедик.

Мектепке бара албаган балдар үйдөн кантип билим алса боло турганын билип алыңыз.

Кесиптешим Мирбек Сакенов Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев менен маек куруп, бул тармактагы иштер жөнүндө баарлашты.

Баса, Балыкчынын чок ортосуна чоң комуз коюлду.

Шаршембиге карата аба ырайы менен таанышыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.40 (сатып алуу) жана 69.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 47.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жергебизде тынчтык болсун!

Аманчылык тилеп, Гүлдана Талантбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0