Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Балдар көрбөсүн..." Талаадан урушкан залкарлар

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность МП "Тазалык" в Бишкеке
Деятельность МП Тазалык в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндөн түгөл чыктыңызбы, мекендеш. Аткан таңды көрүүнүн өзү чоң бакыт эмеспи.

Бурадар кечээ, 24-октябрдагы маанилүү делген окуялардын тизмегин сиздерге сунуштайт.

Маанай жана асманыбыз дайыма ачык болсун деген ниет менен аба ырайына көз салсак, синоптиктер бүгүн күндүн көзү бузулбайт деди. Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы +19…+21 градус болору айтылды

Күн ачык болгону менен борбордогу бир топ педагогдордун маанайы жок болсо керек. Бишкектеги №66 мектептин директору Минара Якупованы окуучулар менен болгон окуядан кийин иштен алуу маселеси каралды

Жоопкерчилик демекчи, коомчулукту селт эттирген — аткаминер каза болгон окуя боюнча экинчи тарап үн катты. Адам өмүрү жол кырсыгына кабылганда аман калып, андан кийинки окуядан кыйылганы өкүнүчтүү

Жаман нерсени айткыбыз келбейт, бирок Бишкектеги болгон-бүткөн ооруканалардын тизмесин, дарегин, телефон номерлерин бердик. Бир жерге сактап алыңыз, керек болуп калышы мүмкүн. 

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Нарынга иш сапар менен барып келди. Теңир-Тоого барып, топ чаап, жаштык кездеги волейболчу учурун эске салган окшойт. Сүрөтүн бердик

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОткрытие спортивного комплекса, построенного в г. Нарын компанией "Газпром"
Открытие спортивного комплекса, построенного в г. Нарын компанией Газпром - Sputnik Кыргызстан
Открытие спортивного комплекса, построенного в г. Нарын компанией "Газпром"

Sputnik Кыргызстан "Таберик сүрөт" рубрикасына татынакай сүрөт жарыялады. Кыргыз театр өнөрүнүн корифейлери Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын жашоосундагы бир ирмемдер. Алтын кишилер… үй-бүлөдө казан-аяк кагышып кетсе, балдарына көрсөтпөй шаар сыртына барып, урушуп, үйүнө жаркылдап келип калышчу экен.

Ааламда эмне кеп? Интернет айдыңына эскалатордун элдин жанын көзүнө көрсөтүп, кооптуулук жараткан видеосу тарады. Кырсыкты кайдан деп болбойт. 

© YouTube/ Goals & HighlightsСильная давка во время обрушения эскалатора в Риме попала на видео
Сильная давка во время обрушения эскалатора в Риме попала на видео - Sputnik Кыргызстан
Сильная давка во время обрушения эскалатора в Риме попала на видео

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.40 (сатып алуу) жана 69.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 47.00 сомдон сатылууда

Соңку сөз: Жакшыга жанаш, жамандан адаш.

Аманчылык каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0