Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көңүл ачканы барып көзүн ачпай калган жигит...

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТүнкү клубдагы диджей. Архив
Түнкү клубдагы диджей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Таң ырыскысы баарыбызга тең жетсин. Эс алуунун аягы көңүлдүү аяктаса жакшы. Ал эми туура эс алганды билүү андан да жакшы. Болбосо кичине жинди суудан ууртап алгандан кийин шер болуп чыга калат эмеспизби. Ичкенди билбесе, жөн эле отурганы дурус болмок. Эки жакты карап, алыбызга ченеп иш жасоону үйрөнүп алсак кана. Жекшембиге караган түнү Бишкектеги түнкү клубдардын биринде үч жигит чатакташып, анын аягы бир уландын өлүмү менен бүттү. Ооба, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 18 жаштагы жаш өмүр кыйылды. Быйыл гана жогорку окуу жайга тапшырып биринчи курста окуп жаткан экен. Ата-энеси аны келечекте бир кесипти аркалаган, аларга жөлөк боло турчу уул болот жеп кыялданып отурса керек эле. Анын минтип көңүл ачканы кеткен бойдон көзүн ачпай каларын ким билиптир…

Милициянын маалыматына караганда эс алып жүргөн үч баланын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийип, алган жаракатынан улам ошол жерде жан берген. Аны сабоого шектелип ошол эле окуу жайда окуган 18 жана 17 жаштагы уландар экени аныкталып колго түшүрүлгөн.

Дүйшөмбү күнү кечинде Октябрь райондук сотунда алардын баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими менен биринчиси 18 жаштагы шектүү №1 убактылуу кармоо жайына, экинчиси 17 жаштагы улан Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин №14 абагына жөнөтүлдү. Ушуну менен кылмыш-кырсыктардын аягы тыйылсын деген үмүт менен кечээги күндүн маанилүү жаңылыктарына назар салалы.

Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Мелдешке өлкөнүн жети дубаны жана Бишкек менен Ош шаарларынан куралган тогуз команда катышууда. Бирок мыкты оюнчулардын катарын толуктаган Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор бул чемпионатка катышпай калды. Мунун себебин билүүгө аракет кылдык.

"Депутат" десе эле сүйлөп-сүйлөп кетип кала турган кишини элестетүү менен чектелбеңиз, алар ырдап дагы бериши мүмкүн. Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы аскер институтунун курсанттары менен жолугуп,"Ильяздын ырын" созду. Кандай ырдаганына баа бериңиз!

Кыргызстанга өкмөт туптуура бир жыл мурда алып келген Памир кыргыздарынын 17си Афганистанга кайтты. Калганы учурда Нарын аймагында жашап жатат. Аларга үй-жай, жер берилеби же "кайдасың, Памир" деп калганы да кетеби? Кайчы пикирлер топтому.

Памирлик кандаштарды бул жакка коюп, өзүбүздүн дыйкандардын жүзүнө жылмаюу тартуулай албай калдык. Айта келсе арман көп, алардын убал-сообу кимге? Айыл чарба министрлигиндеги 5 миң адам эмне кылып отурат? Билгендер болсо айтып койгулачы. Күтөм!

Театр жана киного өмүрүн арнаган СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты Даркүл Күйүкова көзү тирүү болгондо быйыл 99га чыкмак. Мирбек Сакенов залкар талантты эскертип кызыктуу фактыларды топтоду.

Кыргызстанда алгачкы жолу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бий мектебинин ачылышы болуп өттү. Кыз-жигиттин тиктеше чимирилген бийи.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.54 (сатып алуу) жана 69.77 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 47.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ата-энебиз бизди кандай үмүт менен чоңойтуп жатканын эсибизден чыгарбайлы, достор!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0